1-майда, 2021-жылы МИБ Айгине тобу жана салт кармаган адамадар онлайн жолугушуусу Бүткүл Дүйнөлүк Илим Тармагынын (WISN) негиздөөчүсү доктор Апела Колорадо жана Элизабет Дункан менен иш алып барган.
Жолугушуунун негизги милдети “Саймалуу таштардын жашыруун күчү” долбоорунун жүрүшүн талкуулоо болду, анда эксперт катары катышкан салт кармаган адамадар Ысык-Көл облусунун саймалуу таштарга саякаттап баргандан кийин өз ойлору, таасирлери, ой жүгүртүүсү жана ички сезимдери менен бөлүштү. Долбоордун тобу өз кезегинде, долбоордун кийинки этаптарын ишке ашыруу боюнча пландары жөнүндө айтып берди.
Жандуу жана достук талкуунун жүрүшүндө доктор Апела Колорадо кыргыздардын салттуу билимдеринин саймалуу таштардын табиятын изилдөөгө жана түшүнүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүнө ишенерин билдирди, анткени жергиликтүү элдин аң-сезиминин тереңинде аалам жөнүндөгү билимдин кампасы жана аны менен ажырагыс байланыш.
МИБ Айгине жана WISN 2007-жылдан бери үзүрлүү кызматташып келишет жана салттуу тажрыйбаларды колдоого, өнүктүрүүгө жана сактоого, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча жергиликтүү салттуу тажрыйбалардын тармагын курууга багытталган бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырышат.