7-майда ЮНЕСКОнун тизмесине маданий мурас элементтерин кошуу механизмдерин талдоо жана талкуулоо иштери башталды. Иш материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын катчылыгы тарабынан уюштурулган жана пленардык жана топтук бөлүмдөрдүн форматында онлайн режиминде жүргүзүлөт. Талкууга VI категориядагы эл аралык эксперттердин кеңири чөйрөсү (өлкөнүн жана башка топтун кызыкчылыгын коргобогон) катышууда.
18-майда Тизмелерди реформалоо принциптери, өкүлчүлүктүү тизме, маданий элементтерди шашылыш коргоо тизмеси жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларды каттоо маселелери талкууланды. Көпчүлүк эксперттерди кызыктырган негизги маселелердин бири – ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча конвенциясынын алкагында маданий алып жүрүүчүлөрдүн, практиктердин өз мурастарын жайылтууга чыныгы жана толук кандуу катышуусун камсыз кылуу.