Бүгүн, 2021-жылдын 23-апрелде, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы университетинде 2020-жылдын бугу айында дүйнөдөн кайткан залкар акын Элмирбек Иманалиевге арналган сайттын бет ачарын жана эскерүү күнү өткөрүлдү. Сайтты Гүлжан Кудабай-Галлахер даярдап, сайттын максаттары жана түзүлүшү жөнүндө айтып берди.
МИБ Айгине сайттагы Элмирбек Иманалиевге арналган эки тасманы көрсөттү. Биринчи тасманы – Элмирбектин “Жайсандын ыры” дастанын Чолпонай Усубалиева – Грищук тартуулады. Дастанды аткарууга Якутия, Шория, Алтай жана Казакстандан ырчылары чакырылган. Экинчи тасма – Элмирбектин “Аруузатым” ырынын англис жана орус тилдериндеги аткарууга негизделген. Котормону Адилет-Султан Мейманалиев, ырды бир туугандар Адилет-Султан кыздары Акседеп, Айсалкын, Аксана, Абира аткарышты. Вокал мугалими – Надежда Евланова. Аранжировка жана үн адиси – Валерий Евланов.
Бейшеналиева атындагы КМУИнин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович кызматташууну «Аруузатымды” ар кандай тилдерде, бирок комуздун коштоосундагы сынакты уюштуруу аркылуу улантууну сунуш кылды. МИБ Айгиненин жетекчиси Айтпаева Гулнара Амановна Элмирбектин көп ырдалбай жүргөң “Шамалга кайрылуу” ырынын жаңы жазуусун дагы сынактын негизде тартууну сунуш кылды.