Айгине МИБнун өкүлү Чолпонай У-Г жана “Арча” коомдук фондунун адиси; Кундуз Адылбек, Жааматтык Медиа студиясынын түз эфиринде маек курушту.

Курулган маек Айгине МИБнун “Кулун-Ата коругунун биоартүрдүүлүктү жана жаратылышты сактоо үчүн салттык билим жана илимий ыкмаларды бириктирүү жана жергиликтүү адистер менен калктын билимин жогорулатуу” долбоорунун тегерегинде өттү. Аталган долбоор Дүйнөлүк экоголиялык фондунун (ГЭФ) чакан гранттар программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Коруктун тегерегинде жашаган жергиликтүү элдин салттуу усулдарды колдонуп жаратылышты коргогону жана билим дэңгеелин жогорулатып, бүгүнкү күндөгү жаратылышка байланыштуу көйгөйлүү маселерди билүүгө жана аларды чечүүгө умтулаары сөз кылынды. Долбоордун алкагында корукка атайын техникалык жабдыктардын алынганы жана алардын жардамы менен Кулун-Ата коругунун биоартүрдүүлүгүн чалыгдыруу мүмкүнчүлүгү дагы айтылып өттү. Ошону менен бирге, кыргыз элинин байыркы мазар тайуу же зыярат кылуу салты, жергиликтүү элдин жаратылышка болгон аяр мамилесин калыптоого мүмкүнчүлүк бергени жана жаратылышты коргоодо эң биринчи салтуу усул экендиги айтылып өттү.

Маектин жүрүшүндө бүгүнкү күндө Кыргызстанда орун алган жаратылышка жана экологияга байланышкан көйгөйлөр да козголду.