Тарыхчы жана этнограф Нодыр Кузиев менен жолугушуу: Аяк Оона айынын 11-де Бухара университетинин тарыхчысы жана этнографы Нодыр Кузиев менен жолугушуу өттү. Бул жолугушуу «Борбор Азия чийимташтарынын бирдиктүү маалымат булагын жана санариптик аянтчаны түзүү» долбоорунун алкагында уюштурулду. Нодыр Кузиев чийимташтарды этнографиялык жактан чечмелөөнүн маанисин белгилеп, «Эмне үчүн дал ушул жаныбар тартылган? Эмне үчүн дал ушундай формада?» деген сыяктуу суроолорду изилдөө зарыл экенин баса белгиледи. Айгине МИБ бул долбоордун алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы чийимташтары бириктирген санариптик аянтчаны иштеп чыгууда. Булагыбызда сүрөттөр, сүрөттөмөлөр, тасмалар жана илимий изилдөөлөр топтолуп, кеңири кызыкдар…
