Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2025
      |
      September
      |
      5

      Day: September 5, 2025

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      September 5, 2025by admin

      Айгине МИБ Борбордук Азиядагы чийимташтар боюнча маалыматтарды бириктирген санариптик аянтча түзүү иштерин улантууда. Сайтта сүрөттөр, баяндоолор, видеолор жана изилдөөлөр жайгаштырылып, маалымат ар бир адамга жеткиликтүү жана кызыктуу болот.Өткөн жумада Айгине тобу Казакстанга барып, чийимташтарды жана маданий эстеликтерди изилдеди. Талаа изилдөө иштердин жүрүшүндө чогултулган этнографиялык жана археологиялык маалыматтар келечектеги булакка киргизилет. Айгине МИБ ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы менен өнөктөштүктө маанилүү иш-чарага даярданууда — «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик саякат» долбоорунун алкагында түзүлгөн улуттук бейзаттык маданий мурас боюнча аянча бет ачарына. Бет ачар Аяк оонанын 18 де Бишкек…

      Окуу

      Талас облусундагы Жалтырак Таш чийимташтарына талаа экспедициясы

      September 5, 2025by admin

      2025-жылдын Кулжа айынын19–22 Айгине маданий изилдөө борбору Кыргызстандын эң аз изилденген, бирок көзгө урунган чийимташ комплекстеринин бири — Жалтырак Ташка үч күндүк экспедиция өткөрдү. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Үр Марал дарыясынын жогорку агымында жайгашкан. Экспедициянын жүрүшүндө команданын мүчөлөрү ондогон таш оюмдарын каттап, өлкөнүн байыркы көркөм мурасын түшүнүүгө маанилүү салым кошушту. Эң кызыктуу табылгалардын бири — куйругу салттуу кыргыз оюму менен берилген илбирстин элеси болду. Мындан тышкары, экспедицияда боз үйлөрдүн, жоокерлердин, аял мергенчилердин, кентаврлардын, сатирлердин, минотаврдын, татаал аңчылык көрүү белгилеринин жана ыйык символдордун сүрөттөрү катталды. Ар бир оюм археологиялык эстелик…

      Окуу
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча