Иш жолугушуу: Баш оонанын 21-де Айгине МИБ тобу адистер менен биргеликте «Супара» этно-комплексине барышып, анын жетекчиси Жанылсынзат Турганбаева менен жолукту. Жолугушуунун негизги темасы — «Бейзаттык маданий мурастын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында улуттук тамак-ашка арналган бөлүмдү бекитүү болду. Учурда биз бейзаттык маданий мурастын элементтеринин санариптик улуттук тизмесин (реестрди) аянтча түрүндө түзүүнүн акыркы баскычында турабыз. Жакында бул санариптик булак толугу менен бекитилип, Кыргызстандын Маданият министрлигине өткөрүлүп берилет. Ошондой эле Жаңыл эже менен алдыдагы иш-чаралар жана мүмкүн болгон кызматташтык багыттары талкууланды. Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү санариптик булак: Айгине МИБ тобу «Борбор…
Month: August 2025
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Түз эфир: Өткөн жумада Айгине МИБ Жамааттык медианын чакыруусу менен түз эфирге конок болду. Эфир убактысы Айгине МИБдин «Кыргызстандын касиеттүү жерлерин пайдалануу жана сейрек ырымдарды сактоо, аларды тактоо жана коргоо чараларын даярдоо» аттуу долбоорунун ЮНЕСКОнун жаңы түптөлгөн «Мыкты тажрыйбалар» платформасына жергиликтүү коомдоштуктар менен иштөө жана маданий мурасты сактоо боюнча эң мыкты мисалдардын бири катары тандалганы туурасында болду. Талкуунун алкагында касиеттүү жерлерди изилдөө кандай жүргөнү, коомдоштук менен иштөөнүн жолдору жана ыкмалары, касиеттүү жерлерди сактоодогу көйгөйлөр жана маданий мурасты сактоонун жолдору тууралуу сөз болду. Борбор Азия чийимташтарынын маалымат булагы түзүлүүдө: Айгине маданий…
