Манас Улуттук Академиясындагы адистик жолугушуу: «Бейзаттык маданий мурастын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында Манас Улуттук Академиясы тарабынан атайын Айгине МИБ үчүн адистик жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана айтуучулук өнөрүнө арналган маалымат булагынын бөлүмдөрү талкууланды. Адистер бул маалымат булагынын маданият жана билим берүү тармактарындагы маанисин белгилешип, аны билим берүү программаларына киргизүүнү сунушташты. ЮНЕСКОнун Баалоо Комиссиясынын жайкы иш чара: Теке айынын 7-11 Париж шаарында ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясынын алкагында Баалоо Комиссиясынын жайкы иш чара өттү. Иш чарада дүйнөнүн ар кандай мамлекетинен келген 65 номинация каралды…
Day: July 11, 2025
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Оймо фестивалы жана конференциясына катышуу: Теке айынын 1-2-де Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Каракол шаарында өтүп жаткан салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XIX эл аралык «Оймо» фестивалына жана анын алкагындагы «Салттуу маданиятты сактоо жана бейзаттык маданий мурастын негизинде креативдүү индустрияларды өнүктүрүү» аттуу конференцияга катышты. Айгине фестивалдын улуттук өнөктөшү катары түштүк аймактардан келген жети кол өнөрчүнүн катышуусун уюштурду. Иш-чарада устаканалардын видеодокументациясы жүргүзүлүп, турмуш-тиричиликке байланыштуу буюмдар, музыкалык аспаптар жана ар түрдүү салттуу тажрыйбалар чогултулду. Ошондой эле бейзаттык маданий мурас элементтеринин маалымат булагына арналган видеороликтер көрсөтүлдү. Конференцияда Айгине эки долбоорду сунуштады: «Кыргызстандын маданий…
