Салттуу кол өнөрчүлүк боюнча видеотасмалар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды: Айгине МИБ кеңсесинде Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк боюнча санариптик маалымат булагын түзүү долбоорунун алкагында уюштурулган видеосынактын жыйынтыгын чыгаруу аземи болуп өттү. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан талаа изилдөөчүлөр катышып, усталар, алардын ыкмалары жана кол өнөрчүлүктүн маани-маңызы тууралуу видеоматериалдарды сунушташты. Жалпысынан 6 изилдөөчү тарабынан 35 видеотасма кабыл алынды. Жеңүүчүлөр төмөнкүлөр болду: 1-орун — Дөөлөт Рысбаев 2-орун — Исмантаева Бурул жана Исмантаева Назгүл 3-орун — Жунусов Руслан жана Жолдошбаев Мирлан Видео булагын түзүүгө кошкон салымы үчүн Токтогулов Миррахим жана Кулманбетов Эрбол кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.…
