Отчеттук концерт: Жетинин айынын 11инде Б. Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин залында оркестрдин үнүнө Коңур Үндү киргизүү долбоору боюнча пландалган эки отчеттук концерттин биринчиси болуп өттү. Концерттен кийин университеттин окутуучулары кыргыздын баркыттай коңур салттуу музыкалык үнүн тереңдетип изилдөө келечеги жана салттуу кыргыз музыкалык аспаптарын жаңыртоо иштерин улантуунун зарылдыгы боюнча жандуу талкуу өткөрүштү. Айгине МИБ 1924–1927-жылдары чыккан «Эркин Тоо» гезитинин сандарын санариптештирүү иштерин улантууда. Бул жумада тобубуз Борбордук мамлекеттик архивдеги материалдарды изилдеди. Кубандыра турган жагдай – көп сандардын табылганы! Бирок, тилекке каршы, кээ бир сандары жок экен. Биз муну менен…
