Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган 4 кылдуу комузда жана реконструкцияланган кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар реконструкцияланган комуздар менен кыл кыяктарды камтыган оркестрдин экинчи угуусуна даярданып жатышат. Экинчи угууда жаш музыканттарды даярдоо иштерин жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланат. Иш жолугуулар: Бугу айынын 29 Айгине МИБ Өзбекстандагы Сармышсай коругунун негиздөөчүсү Эгамов Рамазан менен онлайн жолугушуу өткөздү. Жолгушууда…