Иш жолугуулар: Кулжа айынын 20-да, Айгине МИБру Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун Кластердик бюросу менен иш жолугуушуга катышты. Жолугуушунун алкагында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейзаттык маданий мурас боюнча сеперчилерине жана Маданият минстирликтердин өкүлдөрүнө ЮНЕСКОнун тизмелерине катталуучу маданий мурастардын сунуштарын (номинация файлдарын) даярдоо боюнча атайын окуу жана машыктыруу боюнча иш-чарасын өткөрүү талкууланды. Нарын дубанында талаа изилдөөнұн корутундуларын тастыктоо: Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча талаа изилдөөлөрүнүн негизинде, Нарын дубанында салттуу ветеринария/мал ооруларын дарылоо боюнча чогултулган маалыматты тастыктоо иш-чарасы Кулжа айынын 18-жана 19-да болуп…
Month: June 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш жолугуулар: Кулжа айынын 8-де“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасына санариптик саякат” долбоорунун алкагында Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын чоң бөлүмү болгон “Кыргыз кол өнөрчүлүк билими жана салттуу буюмдар” боюнча топтолгон маалыматты коомдоштук мүчөлөрү менен тастыктоо жана толуктоо жыйыны болуп өттү. Маалыматты, кол өнөрчүлүк боюнча адис, салттуу билим ээси жана уз, Айдай Асангулова тарабынан даярдалган. Жолугушуунун жүрүшүндө маалымат толук кандуу даярдалганына баа берилип, эки-үч толуктама киргизилди. Бул маалымат аталган санарип аянтчадан орун алат. Телеберүүгө катышуу: Кулжа айынын 12-де УТРК даярдаган казак жана кыргыз элдеринин орток маданий мурасына арналган “Кош канат” берүүнүн кезектеги тартылышы…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Эл аралык форумга катышуу: IV Эл аралык илимий-практикалык форумдун алкагында “Коңур үндү кыргыз оркестринин үнүнө киргизүү” долбоорунун жумушчу тобунун мүчөсү Турумбаева Чолпон Коңур үн боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Бугунун 30 Кулжа 2 чейин өткөн Алтай мамлекеттик маданият институтунда Азия элдеринин Шериктештигинин алдындагы окуу жайлардын маданият тармагында “Евразиялык аймактын маданияты” IV Эл аралык илимий-практикалык форумунун алкагында тааныштырды. Форумга катышуу үчүн Чолпон Турумбаеванын “Көңур үн кыргыз аспаптык музыкасында” деген макаласы орус тилине которулган. Макала Эл аралык илимий-практикалык форумдун жыйынтыгы боюнча Алтай мамлекеттик маданият институтунун илимий журналына жарыяланат. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган 4 кылдуу комузда жана реконструкцияланган кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар реконструкцияланган комуздар менен кыл кыяктарды камтыган оркестрдин экинчи угуусуна даярданып жатышат. Экинчи угууда жаш музыканттарды даярдоо иштерин жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланат. Иш жолугуулар: Бугу айынын 29 Айгине МИБ Өзбекстандагы Сармышсай коругунун негиздөөчүсү Эгамов Рамазан менен онлайн жолугушуу өткөздү. Жолгушууда…