Биринчи угуу: Бугу айынын 18 “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үн киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова реконструкцияланган комуз, кыл кыяктар менен оркестрдин биринчи угуусун өткөрүштү. Биринчи угуунун жүрүшүндө жаш музыканттарды даярдоо иштерин ортодогу жыйынтыктары жана долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланды. Намазбек Уралиев – Ариранг устаты: Бугу айынын 15 Замана студиясынын таңкы уктуруусуна Намазбек Уралиев менен Айгине МИБ кызматкери Мээрим Айткеева чакырылды. Түз эфирде алып баруучулар Намазбек Уралиевди Ариранг Устаты сыйлыгын алышы менен куттуктап, ал үчүн бул жагымдуу сюрприз болгонун болгонун айта кетти. Мээрим…