Жаш музыканттарды үйрөтүү иштери: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыяктарга жана комуздарга үйрөтүү иштерин улантууда. Музыканттар конурдун нукура үнүн издөөнү улантып, салттуу аспап жасоочу Марат Берикбаев менен тыгыз кызматташып, аспаптарга кичине, бирок олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Өнөрпоздор тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды жаңыланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана концерт өткөрүүдө. Гендердик теңсиздикке каршы күрөшкө даректүү чакан тасмага даярдоо: Бул жумада гендердик теңсиздикке каршы күрөшкө арналган…
Day: March 18, 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Майрам жолугуулар: Жалган курандын 7-де Айгине МИБ өзгөчө конокторду күттү. “Асыл Жан” радиоуктуруунун өнөктөшү “Жамааттык радионун” өкүлдөрү Назира Жусупова жана Айгерим Кубатбекова ошондой эле уктурууга катышып жеке тажрыйбасы менен бөлүшкөн коноктор Санжи Туйтунова, Мундуз Асаналиева, Нуриза Чынтемирова келишти. Жолугуу учурунда зордук-зомбулукка тиешелүү көйгөйлөр кайра козголуп, кандай иш-аракеттер аркылуу бул көйгөйлөрдү азайта алабыз деген суроо талкууланды. Жеке жагымсыз тажрыйбалар менен бөлүшүү кыргыз салттуу коомчулугу үчүн жаңы көрүнүш, ошондуктан бул дайыма бир топ сын-пикирди туудуруп келет. Бирок кыргыздар айткандай “ооруну жашырсаң, аны өлүм ашкерелейт”. Салттуу коомчулук запкы тарткан кыз-келиндерине көңул буруп, колдоого…