Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2024

      Year: 2024

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      December 27, 2024by admin

      Тартуу иштери: Бул жумада биз “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын бир бөлүгү болгон жандуу тартуу иштерин аяктадык. Дулдук булак – бул Ош аймагындагы Араван жеринде жайгашкан касиеттүү жер. Бул тасма жандуу тартуу менен анимациянын айкалышы аркылуу өзгөчөлөнөт. Иш жолугушуулары: Өткөн жумада Кыргыз Республикасындагы салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана туристтик индустрияны чыңдоого багытталган төрт жылдык программанын (ODA расмий өнүктүрүү жардам программасы) алкагында иш жолугушуулары болуп өттү. Айгине МИБ тобу келечектеги талаа изилдөөчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдөгү кол өнөрчүлүк боюнча маалыматтарды топтоого багытталган талаа иштеринин талаптарын, шарттарын жана мөөнөттөрүн талкуулады. Январь айынан тартып,…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      December 24, 2024by admin

      2024-жылдын күзүндө, Кыргыз мамлекеттиктигинин 100 жылдыгына карата, Айгине МИБ “Солтек” ЖЧКсы менен биргеликте “Эркин Тоо” гезитинин (1925–1927-жж.) алгачкы сандарынын санариптештирүү жана котормоо долбоорун баштады. Үч жуманын ичинде 324 саны санарип тааныгычтан (сканерден) өткөрүлдү, ал эми азыр сандар араб алиппесинен кириллицага котормоодо. Иш аяктагандан кийин Эркин Тоо сандары Айгиненин веб-баракчасына жайгаштырылып, кыргыз мамлекеттиктигинин негиздөөчүлөрү 100 жыл мурун эмне жөнүндө жазышканын билүүгө өтө сейрек мүмкүнчүлүк ачылат. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашууда. “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын тартуусу башталды: Бул жумада “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын тартуу иштери башталды. Бул өзгөчө тасма анимация…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      December 16, 2024by admin

      Парагвайдагы акыркы жолугушуулар: Бул жумада Айгине Маданий Изилдөө Борборунун тобунун Парагвайдагы иш сапары жыйынтыкталды. Бештин айынын 7-де биз ишир түпкү коомчулугунан чыккан салттык кол өнөрчүлүк менен алектенген — сейрек кездешүүчү себеттерди жана сүрөттөрдү жаратуучу сүрөтчүлөр үй-бүлөсүнө бардык. Баарлашуу учурунда алардын тарыхын угуп, ишир коомчулугунун жашоосу тууралуу көп нерсени билдик. Бул коомчулук көптөн бери өкмөт тарабынан көңүлгө алынбай келет. Ишир эли өзүнүн салттык ырым-жырымдарын Парагвайдын түндүк аймактарында гана аткарып келишет, ал эми айрымдары борбор калаа Асунсьонго жан багуу үчүн көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай жолугушуулар маданиятты сактоо жана түпкү элдерди колдоо…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      December 16, 2024by admin

      От ырымы: Бул жумада Айгине МИБ тобу жана биз менен иш алып барган салттуу билим алып жүрүүчүлөр ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 19-чү Жыйналышына катышты. Жыйналыш бештин айынын 2-6 орун алды. Бештин айынын 2-де Жыйналыштын маданий иш тартибинин алкагында Чынар Сейдахматова өкмөттөр аралык комитеттин катышуучулары үчүн Умай шам – от ырымын жасады. Бул Ырым Темирбек Токтогазиевдин ооз комуздагы күүсү жана Садыр уулу Жумагазынын аткарган салттуу ыры менен коштолду. Бул Жыйналышка катышуу Айгине МИБ үчүн кыргыз маданий мурастарын дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү жана башка катышуучулар менен тажрыйба алмашуу…

      Окуу

      Posts navigation

      1 2 … 13
      2025 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча