1-февралда МИБ Айгиненин кеңсесинде «Кыргыздын салттуу баш кийимдери» аттуу биринчи кереге кеңеш болуп өттү. Талкууга кол өнөрчүлөр, салттуу билимиди алып жүрүүчүлөр, өнөрпоздор, манасчылар, изилдөөчүлөр катышты. Жыйындын негизги маселеси – эркектердин жана аялдардын салттуу баш кийиминде канаттуулардын жүндөрүн жана канаттардын колдонулушунун мааниси жана себептери талкууланды. Талкуу каралып жаткан маселенин ар кандай жактарын камтыган төрт баяндаманын негизинде болду. “Кийиз дүйнө” коомдук уюмунун жетекчиси, кол өнөрчү Айдай Асангулова жаш кыздардын баш кийимдеринде негизинен үкүнүн жүнү кара күчтөрдөн коргоочу тумар катары колдонулганы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү. Ошондой эле орто жаш аялдар үчүн элечектин…
