Кечээ, 26-сентябрда Кыргыз радиосунда түз эфирде Ак-Булуңдун чийимташтары тууралуу таңкы уктуруу жаңырды.Чийимташтар тууралуу маекке археолог, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Ороз Солтобаев жана салттуу илим боюнча адис Жумагазы Садыр уулу катышты. Адисттер Ак-Булуңдун (Ысык-Көл облусу) чийимташтары Кыргызстандын тарыхында, маданиятында, өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүдө илимий жана руханий мааниге ээ экенин айтышты. Ошондой эле, адисттер өлкө боюнча чийимташтар топтолгон жерлерди изилдөөнүн жана сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.