Бүгүн, 2-августта студенттердин катышуусунда “Ак-Булуң чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан)” долбоорунун иш чарасынын алкагында талаа изилдөөлөрү жыйынтыкталды. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Археологдун, тарых илимдеринин кандидаты, . Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Солтобаев Орозбек Азекович жетекчилиги менен бул аймактан табылган балбалдарды, чийимташтарды эстампаж, таштарды тактоо жана номерлөө иштери жүргүзүлдү.
Day: August 5, 2022
Чийимташтарды изилдөө: алгачкы жыйналыш
Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Ак-Булуң чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан)” долбоорунун алкагында студенттердин катышуусунда биринчи таанышуу иш чарасыболуп өттү. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Иш чаранын алкагында археолог, тарых илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусуСолтобаев Орозбек Азекович чийимташтарды документтештирүү процессине токтолуп, ошондой эле Ак-Булуң чийимташтары боюнча алгачкы таасирлери менен бөлүштү. Белгилүү археолог чийимташтар бар жерде Бабаташ – балбалдар жана коргондор болушу керек экендигине көңүл бурду. КР Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошов окуучуларга тарыхый эстеликтердин түрлөрү жана тарыхый жерлерди республикалык жана жергиликтүү маанидеги…
