Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2022
      |
      June

      Month: June 2022

      Иш жолугуулар

      June 30, 2022by admin
      Categories : Blog

      КРнын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына арналган “Дайым сулуу бул дүйнө” сынагынын уюштуруу тобу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат менен жолугушту. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул демилгени башынан эле колдоо көрсөтүүдө. Кезектеги жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрү үчүн министрлик тарабынан 300 миң сом бөлүү тууралуу макулдашуу түзүлдү. Сынактын финалы 2022-жылдын 17-октябрында өтөт. Толук маалымат шилтемеде.

      Окуу

      Иш жолугуулар

      June 30, 2022by admin
      Categories : Blog

      Ак-Булуң  чийимташтар менен байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо долбоорунун алкагында өткөн жумада алгачкы жолугушуулар өттү. Долбоордун алкагында чийимташтарды документтештирүү жана бул жердин паспортун түзүү боюнча негизги эксперт боло турган археолог Ороз Солтобаев жана Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошев менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жыйында чийимташтар топтолгон жердин паспортун түзүүнүн бардык маселелери, ошондой эле Ак-Булуң чийимташтарын документтештирүү боюнча жер-жерлерге чыгуунун жакынкы пландары талкууланды. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.

      Окуу

      Иш жолуугулар

      June 15, 2022by admin
      Categories : Blog

      Бүгүн  МИБ Айгиненин тобу өнөктөштөр менен бирге ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурасты коргоо Конвенциясынын Катчылыгынын өкүлдөрү менен консультациялык жолугушуу өткөрдү.  Катчылыгынын өкүлдөрү Айгине долбоорунун сунушуна техникалык баа берүүнү жүргүзүп жатышат. Пландаштырылган долбоордун максаттары –  Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмесин санариптик форматка өткөрүү, ошондой эле Кыргызстанда жашаган элдердин Материалдык эмес маданий мурас элементтерин тизмесин жасоо. Жолугушууда жамааттардын материалдык эмес маданий мурас элементтерин улуттук тизмесине киргизүүгө макулдугунун маанилүү маселелери жана жамааттардын материалдык эмес маданий мурас элементтер жөнүндө маалыматты санарип форматта жарыялоо талкууланды. Жолугушууга Айгиненин көп жылдык өнөктөштөрү, ар…

      Окуу

      Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынак

      June 1, 2022by admin
      Categories : Blog

      Жалпы маалымат Комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Эн-Белги комуз үйрөнүү ыкмасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата, көп кырдуу чыгармачыл дүйнөсүнө арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынактардын жобосу. Бул сынактар кыргыз салттык, аспаптык музыкасын, комузчулук, күүчүлүк, аткаруучулук өнөрлөрүн өнүктүрүү максатын көздөө менен бирге, Н.Абдрахмановдун чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү, чыгармаларын сактоо жана жалпы жайылтуу болуп саналат. Н.Абдрахмановдун көп кырлуу чыгармачылык дүйнөсүн эл алдында адискөйлүк деңгээлде алып чыга ала турган, чыгармаларын чебер аткара алган мыкты күүчүлөрдү, аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу. Бул сынакка салттуу музыка искусствосунун…

      Окуу
      2025 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча