30-мартта МИБ Айгине кеңсесинде “Тагдыр жана өлүм” циклинин алкагында биринчи жолугушуу болуп өттү. Дизайнер, SHERDEN брендинин негиздөөчүсү жана “7 АСМАН” интеллектуалдык-чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү Миррахим Опош «Кайра төрөлүү (реинкарнация) түшүнүгү жана анын кыргыздын салттуу дүйнө таанымына тиешеси» деген маселеде ой бөлүштү. Миррахим индуизмдин, буддизмдин, йоганын негиздерин түшүнүү боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы жана өлкөнүн заманбап жамааттарында реинкарнация сыяктуу Индиянын руханий маданиятынын негизги концепциясын колдонуу боюнча байкоолору менен бөлүштү. Миррахим кыргыздын салттуу дүйнө таанымындагы өлгөндөн кийинки жан жолу концепциясы менен жандын кайра төрөлүү маселесин салыштырып талдоо жүргүзгөн. Миррахим реинкарнация өлүмдү түшүнүү катары кыргыздардын…
