30-мартта МИБ Айгине кеңсесинде “Тагдыр жана өлүм” циклинин алкагында биринчи жолугушуу болуп өттү. Дизайнер, SHERDEN брендинин негиздөөчүсү жана “7 АСМАН” интеллектуалдык-чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү Миррахим Опош «Кайра төрөлүү (реинкарнация) түшүнүгү жана анын кыргыздын салттуу дүйнө таанымына тиешеси» деген маселеде ой бөлүштү. Миррахим индуизмдин, буддизмдин, йоганын негиздерин түшүнүү боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы жана өлкөнүн заманбап жамааттарында реинкарнация сыяктуу Индиянын руханий маданиятынын негизги концепциясын колдонуу боюнча байкоолору менен бөлүштү. Миррахим кыргыздын салттуу дүйнө таанымындагы өлгөндөн кийинки жан жолу концепциясы менен жандын кайра төрөлүү маселесин салыштырып талдоо жүргүзгөн. Миррахим реинкарнация өлүмдү түшүнүү катары кыргыздардын…
Month: March 2022
Иш жолугуулар
Бүгүн, 29-мартта МИБ Айгине менен Орусия Алтай Республикасынан, «АруСвати» этномаданий илимий-билим берүү борборунун ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. «АруСвати» жана «Уч Эҥмек» борборлорунун жетекчиси Данил Иванович Мамиев жана МИБ Айгиненин кызматкерлери мүмкүн болгон эл аралык кызматташтыктын алкагында өз сунуштарын жана ой-пикирлерин бири-бири менен бөлүшүп, жалпы тил табышты. Алтайдагы Каракол өрөөнүндөгү жана Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң аймагындагы чийимташтарды жана эстеликтерди паспорттоштуруу, археологдорду, тарыхчыларды жана касиет кармануучуларды биргелешкен билимдерди чыгарууга тартуу ой пикирлери талкууланды.
