Кулжа айынын 22-де Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу чай устүндө жана зумдун негизинде жолуктуу. Жолугушуунун максаты – негизги адамзаттык баалуулуктардын катмарын камтыган кыргыздын салттуу акылмандыгын технологиялоо жолдорун талкуулоо. Айлана-чөйрөгө, жаратылышка, коомго карата керектөө мамилесин өзгөртүү үчүн элдик акылмандыкты заманбап усулдары аркылуу жайылтуу маселеси талдоого алынды. Топтун мүчөлөрү бүгүнкү күнгө чейин күчүн жана пайдасын жоготпогон, бирок тар жергиликтүү мейкиндигинде чектелип турган элдик билимдин түрлөрүн талкуулашты. Биз мындай билимди кеңири коомдук чен-өлчөмгө алып чыгуунун зарылдыгы жана ага көпчүлүктү кызыктыруу жөнүндө ойлондук. Бир нече ой-пикирлер ортого алынып, бул боюнча иш кийинки жолугушууда улантылат.
Month: May 2021
МИБ Айгине тобунун, салт кармаган адамадардын Бүткүл Дүйнөлүк Илим Тармагынын (WISN) негиздөөчүсү доктор Апела Колорадо менен онлайн жолугушуусу
1-майда, 2021-жылы МИБ Айгине тобу жана салт кармаган адамадар онлайн жолугушуусу Бүткүл Дүйнөлүк Илим Тармагынын (WISN) негиздөөчүсү доктор Апела Колорадо жана Элизабет Дункан менен иш алып барган. Жолугушуунун негизги милдети “Саймалуу таштардын жашыруун күчү” долбоорунун жүрүшүн талкуулоо болду, анда эксперт катары катышкан салт кармаган адамадар Ысык-Көл облусунун саймалуу таштарга саякаттап баргандан кийин өз ойлору, таасирлери, ой жүгүртүүсү жана ички сезимдери менен бөлүштү. Долбоордун тобу өз кезегинде, долбоордун кийинки этаптарын ишке ашыруу боюнча пландары жөнүндө айтып берди. Жандуу жана достук талкуунун жүрүшүндө доктор Апела Колорадо кыргыздардын салттуу билимдеринин саймалуу таштардын табиятын…
ЮНЕСКОнун тизмесине маданий мурас элементтерин кошуу механизмдери жөнүндө дүйнөлүк чагылдыруу
7-майда ЮНЕСКОнун тизмесине маданий мурас элементтерин кошуу механизмдерин талдоо жана талкуулоо иштери башталды. Иш материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын катчылыгы тарабынан уюштурулган жана пленардык жана топтук бөлүмдөрдүн форматында онлайн режиминде жүргүзүлөт. Талкууга VI категориядагы эл аралык эксперттердин кеңири чөйрөсү (өлкөнүн жана башка топтун кызыкчылыгын коргобогон) катышууда. 18-майда Тизмелерди реформалоо принциптери, өкүлчүлүктүү тизме, маданий элементтерди шашылыш коргоо тизмеси жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларды каттоо маселелери талкууланды. Көпчүлүк эксперттерди кызыктырган негизги маселелердин бири – ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча конвенциясынын алкагында маданий алып…
2021-жылдын 17-майында МИБ Айгиненин кызматкерлери Материалдык эмес маданий мурас боюнча өкмөттүк эмес уюмдар форумунун жобосунун 21-беренеси боюнча убактылуу топтун үчүнчү отурумуна катышып модератор болуп чыгышты
Жолугушуунун негизги максаты жумушчу документтин экинчи долбоорун Батыш Европа жана Түндүк Американын, ошондой эле Латын Америкасынын жана Кариб деңизинин өкүлдөрү тарабынан даярдалган анкета менен талкуулоо болду. Документтин ар бир пункту кылдат талкууланды, айрыкча кызыкчылыктардын кагылышынын мүнөзү жана түшүнүгү. Жумуш кагазынын кийинки версиясын МИБ Айгине кызматкерлери жакынкы бир нече жуманын ичинде даярдашат жана топ 2021-жылдын 28-июнунда төртүнчү жолугушууга чогулат. Бул топтун максаты 21-берене боюнча кеңешүү жана материалдык эмес маданий мурас боюнча Форумунун мүчөсү болгон бардык аккредиттелген ӨЭУларга таратуу үчүн жумушчу документ түзүү. Ыкчам топ ар бир шайлоо чөлкөмүнүн өкүлдөрүнөн жана эл…