Жети токоч

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Жети токоч жасоо деген эмне?

Бүбү жана шайык Чоңмурунова Чачыкей: жети токоч жасоо ырымы – бул кандайдыр бир кырсык болсо же бир адам оорууга чалдыгып калса ошол оорунун же кырсыктын аягы жакшылык менен аяктоосун тилөө максатында аткарылат.

Бүбү Анарбекова Бүайша: жети нан жасоо – бул бараткан мазар кабыл кылса экен, мазардан шыпаа болсо экен деген тилек менен жасалат.

Жети токоч кандай жана эмне үчүн жасалат?

Чоңмурунова Чачыкей:

– Жети токочту жасоо кыргыз элинде келе жаткан бабедин жолу деп коет. жети токочту ошол бабедин жолуна арнап, балдарынын ден-соолугун, амандыгын тилеп, кудай ишимди колдосун деген ниетте жасашат.

– Бул ырым кандай максат менен аткарылат?

– Биринчи мында эгер баласы ооруп калса же үйүндө кандайдыр бир кырсык болуп калса ошол кырсык аягы жакшы менен бүтүп кетсе экен деп же болбосо ооруган адам сакайып кетсе экен деген чын ниетте, максатта аткарылат.

– Ушул ырымдын сүрөттөлүшүн айтып берсеңиз?

– Биринчи майга жети токоч бышырылат. Анан ал жети токочту эшикке алып чыгып, жолунан кездешкен жети адамга таратып берет.

– Бул ырымды ким аткарат?

– Мисалы, эгер үйдө кандайдыр бир кырсык болсо, ошол үйдүн ээсинин аялы аткарат. Негизинен аял киши аткарыш керек мындай ырымды.

– Кайсыл убакта аткарылат бул ырым?

– Күндүзгү убакта аткарылат, түнкүсүн аткарууга болбойт, эгер аябай зарыл болуп баратса эртең менен эрте туруп жасап, таратса болот.

Анарбекова Бүайша:

– Мазарга баратканда мазар ырымы деп коет, баратканда эле кудайга сыйынып, мазар мени кабыл кылса экен деп барасың. Мазар мени уруп кетпесе экен, мазар мени кабыл кылбай койбосо экен деп ичиңден тиленип барасың. Анан өзүңдүн жети наныңды жасап аласың. Жасап барган наның да ырымдын бир түрүнө кирет.

– Ушул жети нан жасоо ырымынын максаты эмне?

– Максаты ушул бараткан мазар кабыл кылса экен деп жалынуу. Негизи жети күчтүү жол болот, ар бир жолуна багыштап ошон үчүн жети нан жасалат. жети жолдун бирөөсү кудай өзү колдосун деген ниетте, экинчиси мазар ээси колдосун деген ниетте, үчүнчүсү умай эне колдоп эм берсе экен деген ниетте, төртүнчүсү болсо мага мазардан шыпаа болсо экен деген ниетте жасалат. Мазарга бараткан адам сөзсүз түрдө бир нерсеге жалынып барат. Бала төрөбөгөндөр, бутунан аксап баспай жүргөндөр же ооруканадан айыкпай чыккан адамдар дарттарынан кутулуу максатында барышат.

– Жети нан жасоо ырымын ким аткарыш керек?

– Мазарга бараткан адам жасайт. Ооруп жаткан же бала төрөбөгөндөр да жасашат.