13-апрель күнү МИБ Айгине кеңсесинде “Эн белги_мин комузчу” ансамблинин түзүлүшүнө чоң салым кошкон көп жылдык өнөктөштөрдүн өтүнүчү менен жолугушуу болуп өттү. Музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов жана салттуу музыкалык аспап жасоочу Марат Берикбаев заманбап оркестрдин чертүүсүндө конур үндү калыбына келтирүү демилгеси менен чыгышкан. Бул тыбыш аларга «алгачкы кыргыз тыбышы» катары мүнөздөлөт, тактап айтканда, табигый, тынч абалга алып келүү, жумшак баркыт сымал, жогорку курч интонациялары жок. Музыкалык терминологияда булар болжол менен кичинекей октаванын үндөрү.
Оркестрдин оюнуна “алгачкы кыргыз үнүн” киргизүү маселеси көптөн бери эле бар. Оркестр өзү совет доорунда пайда болгон көрүнүш. Республикадагы биринчи эл аспаптар оркестринин уюштуруучусу жана жетекчиси Петр Федорович Шубин болгон, ал кыргыз аспаптарын оркестрге ылайыкташтырууда көп иштерди жасаган. Коңур үңдү сактап, алып келүү кыйын болгон. Анда композиторлор Мукаш Абдраев, Абдылас Малдыбаев, дирижер Төлөгөн Томотоев, композитор, аткаруучу, комузчу Нурак Абдырахманов өңдүү музыканттар оркестрдеги комуздун үнү өзгөрүп, коңур үндү калыбына келтирүү зарылдыгын айтышты. Нурак Абдрахманов комуз черткенди үйрөнүп жатканда конгур ундун сакталышы үчүн «Эн белги» автордук системасын так иштеп баштаган. Окутуунун музыкалык системасы, анын пикири боюнча, кыргыз тыбышынын өзгөчөлүгүн дайыма эле бере алган эмес.
Келген конокторубуздун айтымында, комуздун медитациялык, жумшак баркыт үнүн оркестрдин чертүүсүнө алып келүү үчүн комуз, кыл кыяк сыяктуу музыкалык аспаптарды изилдөө жана практикалык моделдөө зарыл. Агай Марат Берикбаев когур ун алуу үчүн дарактын ролун жана аны менен/жаратылыш менен туура мамиле түзүүнү түшүндүрүп берди. Анын катышуусу гана, Марат агайдын айтымында, кыргыз тыбыштарынын палитрасын, алар менен катар кыргыз табиятынын образдарын берет.
Жолугушуу оркестрдин ойноосунда конур унду калыбына келтирүү боюнча мүмкүн болгон кызматташуу тууралуу макулдашуу менен аяктады. Мында оркестрдеги «кыргыздын түпкү үнүнүн» калыбына келтирилиши катары деколонизация өткөнгө кайтуу дегенди билдирбейт. Кыргыздарда оркестр болгон эмес. Азыр оркестрди тануу акылга сыйбайт. Оркестрдин ичиндеги салттуу үндү калыбына келтирүү үчүн салттуу аспаптарды моделдөө, издөө жана реконструкциялоо мүмкүн болгон ыкмалардын бири болуп саналат.