Кыргыз элинин кыз узатуу жөрөлгөсүндө колдонулган салттуу аялдардын ат жабдыктарын (ээр токуму жана ага тиешелүү жабдууларды) изилдөө иштери улантылууда. Азыркы кадамда кабинеттик изилдөө жүргүзүлүп, архивдик этнографиялык маалымат, эски сүрөттөр, музейлик баяндоолор жана илимий эмгектер каралууда. Бул булактар аялдардын ат жабдыктарынын өзгөчөлүктөрү, алардын түзүлүшү, көркөм жасалгасы жана жөрөлгөлүк мааниси жөнүндө кеңири маалымат берүүгө жардам кылат. Изилдөөнүн борборунда бул буюмдардын заттык тарабы гана эмес, алардын кыз узатуу салтындагы орду да турат. Анткени ат жабдыктары келиндин макамын, анын жаңы үй-бүлөгө өтүшүн жана кызды узатууга байланышкан салттык түшүнүктөрдү туюндурган кеңири символикалык дүйнөнүн бир бөлүгү…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Иш жолугушуулар: Бул жумада Айгине МИБ тобу «Хангар Медия» тобунун техникалык адиси Евгений менен жолугушуп, Борбордук Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүүчү көргөзмөнү түзүүгө байланышкан техникалык маселелерди талкуулады. Жолугушууда көргөзмөнүн мазмунун заманбап технологиялар аркылуу кандайча таасирдүү жана түшүнүктүү жеткирүүгө болору тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле мүмкүн болгон техникалык чечимдер жана көрсөтүү ыкмалары каралды. Бул иш биздин мазмун менен техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн айкалышкан жерин тактоого жардам берди. Долбоор ALIPH жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынууда. Жергиликтүү мазмунга таянган жаңы ыкмаларды өнөктөштөр менен бирге иштеп чыгуу биз үчүн өзгөчө маанилүү. Мурас санарипке өтүүдө:…
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Климат, салттык билимдер жана жергиликтүү жамааттар: Жалган Курандын 11инде «Тоолуу аймактарда климаттык туруктуулукту камсыздоодо жергиликтүү жамааттардын жана салттык билимдердин орду» аттуу вебинар өттү. Иш-чара «ИСУР» коомдук фонду жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы Климаттык аракеттер тармагы (CAN EECCA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюштурулду. Вебинарда Айгине МИБ жүргүзүп келген талаа изилдөөлөрүнүн айрым жыйынтыктары сунушталды. Анда климаттын өзгөрүшү, салттык билимдер жана бейзаттык маданий мурас ортосундагы байланыштар Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мисалында талкууланды. Баткенде климаттык өзгөрүүлөр өрүк өстүрүүгө байланышкан билимдерге таасир этсе, Нарында жайыт абалынын өзгөрүшү жана мал ооруларынын…
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Кыргыздар күндөрдү жана айларды кандай аташкан? Айгине МИБ тобу кыргыздардын салттуу убакыт эсептөө тутумун тактоо боюнча талкуу өткөрдү: көп жылдан бери чыгарып келген кыргызча ай аталыштары бар жылнаама боюнча коомчулуктан суроолор жана негиздүү күмөндөр айтылган. Азыр кеңири колдонулган нуска (жыл январдан — “Үчтүн айы” — башталат) менен, Ишенаалы Арабаев (1911), Касым Тыныстанов (1926) жана Төрөң Жумаев сунуштаган нуска (жыл февралдан — “Жалган куран” — башталат) салыштырылды. 17-февралдагы адистердин жолугушуусуна Темирбек Токтогазиев, Ормон Момунбеков, Жеңишбек Кызалаков, Дөөлөт Сыдыков, Шаакан Токтогул жана Чынара Сейдахматова катышты. Жыйынтыгында топ Арабаев–Тыныстанов–Жумаев көрсөткөн тартипти колдоону макулдашты:…
