Результаты проектов






 

«Бүгүнкү күндө Мазарлардын маанилүүлүгү жана орду» биринчи конференция

Убактысы: 18-19 ноябрь 2005
Өткөрүлүүчү жер: Талас шаары, Кыргызстан
Тили: кыргызча

Максаты: 9 айга жакын убакыттын ичиндеги Айгиненин иш чараларын жакшылап түшүндүрүү жана Таластагы долбоордун жыйынтыктарын талкуулоо жана бөлуштүрүү.

Катышуучулар:

  • шайыктар,
  • мазар кароолчулары
  • зыяратчылар,
  • мугалимдер,
  • административдик жумушчулар,
  • Таластагы мамлекеттик эмес ассоцациялар
  • ТСФ демөөрчүлүк кылган фонддор, асоцациялар: (Коомдук жана Ишкер форум, Ак Терек, Антропология борбору (Тажикистан),
  • сүрөтчүлөр:

Бишкектеги мазар менен байланыштуу башка коомдук фонддор жана ассоцациялар: “Эл билге”, “Теңирчилик”, “Айтыш”, Динара Чочунбаева
ошондой эле Ош, Ысык-Көл, Жалалабат жана Чүй аймактарындагы фонддор жана ассоцациялар

Кеңешчилер:

  • Талас университетинин, Америка жана Түрк университеттеринин студенттери
  • Бишкек жана Таластагы телекөрсөтүүнүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү

Жалпысынан чакырылгандардын саны 160га жетти. Анын ичинен 115 киши конференцияга катышты. ТСФтин демөөрчүлүгүнүн негизинде иштеп жаткан фонддор, ассоцациялар өздөрүнүн өкүлдөрун жиберишти. Ошондой эле Ош, Ысык-Көл, Жалалабат жана Чүй аймактарынын өкүлдөрү да катышышты. Массалык маалымат каражаттардан: “Кыргыз Мамлекеттик телекөрсөтүүсү”, “Талас облусунун телекөрсөтүүсү”, “Азаттык” радиосу, “Вечерний Бишкек” гезити, “Bishkek Times” гезити жана “Талас турмушу” гезитинин өкүлдөрү да болду.

Алгач план боюнча конференция Бишкекте өтүшү керек эле. Бирок, Таластан көп киши катыша тургандыгына байланыштуу бул план өзгөрүп, Таласта өттү. Бардык каражаттар Айгине тарабынан каржылангандыктан, Таластан келе турган кишилердин саны көп болуп кымбат болуп калат экен. Ал эми, Бишкектен Таласка 30-35 киши алып бардык.

Семинарга чакыруу жобосу мурунку семинардагылардай эле болду. Буга да студенттер, бул тармакта иштегендер, мазар зыяратчылары чакырылды. Эң бизди ойлондура турган нерсе, кээ бир адамдардын академиялык жашоого эч кандай тиешеси жок болуп, мындай семинарларга биринчи жолу катышуулары болду. Мурунтадан жакшылап даярданганыбызга карабай, конференциаларга биринчи жолу катышып жаткан адамдар жана жүздөн ашык катышуучуларды алып жүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жетеби?-деп сарсанаа болуп жаттым. Анткени, мындай учурларда биринчи жолу катышкандар жана академиялык турмушка тиешеси жоктордун арасынана чоң аудиториянын ичинен ар кандай, түшүнбөстүктөр келип чыгышы толук мүмкүн эле.

Ошентип, семинардын башталышы абдан толкунданууну жаратты. Каттоо бүтөрү менен программанын башталышында, Таластыктардын, Сулайман тоосунун шайыгы Алымбек Ажынын талабы менен куран окулуп андан кийин башталыш керек эле.

Куран окулгандан кийин Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун конференциага арнаган каты окулду. Катында ал, конференцияга болгон кызыкчылыгын билдирип жана “Айгине” бул долбоор боюнча маалымат жиберүүсүн өтүндү.

Мен күткөндөй эмес, тескерисинче баары жакшы башталды.

Аймактын губернатору Искендер Айдаралиев мурдатан сүйлөшүлгөн убакытта (10:40) келди. анын суйлөгөн сөздөрү эч кандай жасалмалары жок, ишке тиешелүү болду. Ал мазарларды бирөөлөрдөн уккан кишидей эмес, өзүнүн билгени жөнүндө айтып жатты. Анын сүйлөгөнүнүн эң маанилүү пикиринин бири: эгер мазарга сыйынуучу адам биздин бабалардан болсо, бул эч качан бизге чоочун нерсе болбошу керек. Губернатордун сөздөрү отурган элдин жүрөгүн жылытты. Анткени, анын сөздөрү ата-бабалардын салтын анын ичинен жашоодогу ырым-жырымдарына болгон урматын көрсөттү.

Жогоруда айтып өткөндөй, семинардын биринчи катышуучулары сессияларды жакшылап угуп отурушту жана көптөгөн суроолорду берип жатышты. Ошону менен бирге, тийиштүү кошумча сөздөрүн айтып жатышты.

Өзүнчө билдирүлөр да болду: Сулайман тоо (Ош шаары), Сафет-Булан (Жалалабат) , Ысык-Көл , Чүй облустарынан жана Айгиненин кеңешчиси Бекет Аманбаев билдирүү жасады. Бирок, убакыттын көбү, өзүнчө билдирүүлөргө эмес, шайыктардын жана кароолчулардын, зыяратчы жана табыптардын, манасчылардан жана студенттерден турган топтордун билдирүүлөрүнө арналган болчу.

8-12 адамдардан турган топтор түзүлдү. Конференциада бул топтор күтүлбөгөн жерден тез арада түзүлүп калды. Албетте Айгине мурунтан топтук иштерди жүргүзгөн, алардын темаларын, убакыт ченемдерин ж.б. бирок биз көп адамдардын топторго кошулуусун күткөн эмес элек. Тактап айтканда, түштүк аймактын өкүлү Алымбек ажы ж.б. талкууларга абдан активдүү катышышты.

Бардык топтор өз алдынча кызыктуу жана өзгөчө болду. Мен Таластын студенттерин абдан көңүл коюп угуп жаттым. Назира Жусупованын ыйык жерлердин аттары менен Кара-Бууранын калкынын байланыштары жөнүндө жасаган билдирүүсү абдан жакшы болду. Кошумчалар киргизилип толукталса, бул билдирүү Талас китебинин эң жакшы макалаларынан бири болот.студенттердин бири Айгине менен иштешкенден кийин эмнени үйрөнгөндүгү жөнүндө ыр окуп берди. Талас уни верситетинин бардык студенттери үчүн бул конференциядагы билдирүүлөрү биринчи тажрыйбаларынан болду.

Сессиялар – Жети секция болду. Талас университетинин, Америка университетинин жана Түрк университетинин студенттеринен экиден студент секцияларды алып барышты:

  • Ыйык жерлерге зыярат кылуу себептери: алып баруучулар, Бактыгүл Түлебаева, Назира Жусупова
  • Мусулманчылык менен Кыргызчылыкты аралаштыруу: алып баруучулар: Гүлжан Кудабаева, Манас Ишенкулов
  • Ыйык жер дүйнөсүнүн куралдарынын өнүгүшү: Алып баруучулар, Элиза Исабаева, Аида Эгембердиева
  • Ыйык жер түрлөрү. Алып баруучулар: Назгүл Асанакунова, Бүбүзина Мамекова
  • Ыйык жерлерде аткарылуучу ырым-жырымдар: Земфира Иногамова и Зарина Осорова
  • Шайык жана кароолчулардын укук жана милдеттери. Алып баруучулар: Дамира Иманалиева и Элнура Кулова
  • Ыйык жерлердин экологиялык жана биологиядык ар түрдүүлүктөрү. Алып баруучулар: Назира Сатишева и Аман Монолбаев

Жалпысынан караганда студенттер конференциянын негизги ролун ойношту. Алар байланышуу үчүн шарттары жок адамдарды катыштырып алардын тизмесин түзгөнгө, катышуучуларды каттодон өткөргөнгө, сессияларды өткөргөнгө залдарды, аудио жазууларды даярдаганга чоң жардам беришти.

Конференция үчүн «Талас аймагындагы байыркы мазарлар» деген брошюра жасалган. Анда,

  • Айгине жана Кристенсен фонд жөнүндө маалыматтар;
  • Айгине ишкерлери менен студенттер барып, изилдеп маалымат чогулткан 153 мазардын тизмеси;
  • мазарлардын сүрөттөмөлөрү;
  • шайыктардын жана кароолчулардын тизмеси;
  • алардын өмүр баяны;
  • 172 ыйык жер камтылган карта
  • Долбоордун кээ бир жыйынтыктарын камтыган менин макалам;
  • Кээ бир семинарлардын, шайыктардын жана ырым-жырымдардын сүрөттөрү;

Мындай иш кагазы биринчи жолу басылып чыкты. Бул чыгарылыштын эң маанилүү максаттарынын бири, жергиликтүү уюмдарды бириктирип, изилдөөлөрдүн натыйжасында эмдиги жылы китеп чыгарууга катышууга чакыруу болчу.

Медер Алиев жана Аида Алымбаева тарабынан жасалган, Таластагы иш чараларды чагылдырган 20 мүнөттүк тасма көрсөттүк.

Ошондой эле конференция убагында, маалымат таратуу максатында мазарлар жана шайыктар жөнүндө маалыматтар жазылган кагаздар таратылды.

Маселе:
Эң негизги маселе бул-Таласта күндүн суук мезгилинде, конференция өткөрүү үчүн шарттардын жок болушу болду. Совет доорунан калган мейманканалардын жылыткычтары иштебей муздак болушу, коомдук транспорттун жоктугу. Микроавтобустар Бишкектен Таласка чейин 8-9 саатта жетет. Күздүн акыркы айларында Өтмөк ашуусу аркылуу көп кишини алып өтүү коркунучтуу. Ал эми Казахстан аркылуу баруу виза талап кылат. Бул факторлор конференция өткөрүү иштерин бираз татаалдатты.

Жыйынтык:
Ошентсе да, конференциянын атмосферасы, катышуучулардын күч-кубаты, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары биздин эмгегибизди актады.

Д-р Гүлнара Айтпаева тарабынан даярдалды