Результаты проектов






 

Талас Мамлекеттик университетинин студенттери жана мазарлардын шайыктары үчүн семинар

Убактысы: 10-14-август, 2005-жыл
Өткөрүлүүчү жер: «Казакстан» санаториясы, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тили: кыргызча

Машыктыруучулар:

  • Гүлнара Айтпаева
  • Мукарам Токтогулова
  • Аида Алымбаева
  • Эмил Шүкүров
  • Гүлнара Дүйшеева
  • Рашид Бараталиев

Катышуучулар:

  • жумушчу тобунун мүчөлөрү болгон Талас Университетинин студенттери;
  • Талас аймагындагы ыйык жерге тиешелүү маалымат бергендер;
  • Ысык-Көл аймагындагы “Ыйык жерлер” боюнча изилдөөгө катышкандар;
  • Ысык-Көлдөгү бир нече мектептен жана музейден келгендер

Максаттары:

  • жумушчу топтун мүчөлөрүн ыйык жерлердин экологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн изилдөө ыкмаларын үйрөтүү;
  • жумушчу топтун мүчөлөрүн радио жана теле көрсөтүүлөргө макала даярдоо боюнча машыктыруу;
  • окууга каалоосу бар жумушчу топтун мүчөлөрүнө англис тилинин негизин окутуу;
  • Талас жана Ысык-Көл аймактарындагы ыйык-жерге зыярат кылгандарды жана кароолчулардын (шайык) башын бириктирүү жана биргелешип иштөөгө шарт түзүү;

План:
Мурун бул семинарды Таласта өткөрүү пландалган эле, бирок кечирээк кайра Ысык-Көлдө өткөрүүнү чечтик. Кийин ойлосок бул чечим эң туура болуптур. Ошол мезгилде, Айгине маданий-изилдөө борборунун директору Гүлнара Айтпаева немис антропологу Стефан Демпке менен таанышып калды. Ал Ысык- Көлдүн аймагындагы ыйык жерлер боюнча 2003-жылы изилдөө жүргүзүптүр. Ал мындан ары да Ысык-Көлдөгү изилдөөлөр жөнүндө кызыгып, бул тармакта иштеген уюмдар, фонддор менен жолугушууларды өткөрдү. Мен дагы Ысык –Көлдүн кайсыл жерин изилдесек болот деп,Ысык –Көлдүн ыйык жерлери тууралу долбоор жөнүндө ойлодум.. Стефанга анда Талас аймагындагы ыйык жерлер тууралуу изилдөөлөрдө белгилүү болгон маселелерге таянып, Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер жана ага болгон элдин кызыкдарлыгы ж.б.у.с. маселелерди талкуулоо үчүн семинар өткөрүүсүн өтүндүк.

Мындан башка Айгине өзү да көптөгөн маселелерди талкууга алып аларды аныкташ керек эле. Таластагы болгон изилдөө убагында, абдан көп маалыматар чогулуп, аларды көптөгөн ыйык жерлердин кароолчулары, шайыктары менен болгон жолугушууларда, даана талкууларжүргүзүлүп, так жыйынтыктарга ээ боло алдык.
Акырында, Таласта изилдөө жүргүзгөн студенттерибиз көп маалыматтарды чогултуп, аналитикалык түрдө жазуу ыкмаларына муктаж болуп калышты. Гүлнара Айтпаеванын ою боюнча бул ыкмалар студенттерге этнографиялык маалыматтарды көрсөтүп жана анализдеп, керек болсо жеке көз карашы менен макала түрүнө келтирүүгө да жардам берет.

Ысык-Көлдөгү жолугушуу эгологиялык аспектке багытталган болчу. Жайга чейин Талас аймагындагы ыйык жерлердин экологиясына маани берилбегендигин моюнга алуу керек. Себеби, Айгине жаңыдан гана ишке киришип баштаган. Мазарлардын сүрөттөлүшү жана аларды толуктоо убактыбыздын көбүн алып койду. Ысык-Көлдөгү болгон жолугушуу күткөнүбүздөй эле экологиялык тармакта ишибиздин алдыга жылышына түркү берди. Андагы болгон идеялар:

  • Мазардын шайыктары жана кароочулары менен бирдикте, мазарлардын экологиялык маселелерин талкуулоо;
  • Студенттерге экосисте боюнча негизги түшүнүк берүү жана аларга бул экосистеманы баяндоого машыктыруу; Айгине бул ишти экология боюнча кеңешчи Эмиль Шүкүровдун аткаруусун өтүндү.

Болжолдуу иштин жыйынтыгына көз жүгүртүү:
Сдуденттердин анализдөө иштери семинардын бир бөлүгү болгондуктан, аналитикалык жазууларды өнүктүрүү биринчи ийгиликтерден болду. Сорос фондунун жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин тажрыйбалуу машыктыруучусу Гүлмира Дүйшееваны чакырдык. Анын студенттер менен иштеген ишинин жыйынтыгы жана 7 студент билдирүүсү, ага кошумча талаа иштеринин жыйынтыгы 2005-жылдын ноябрында өтө турган жыйынтыктоочу семинарда байкалат. Азыркы учурда алар, Талас аймагындагы ыйык жерлер боюнча китептин басылып чыгышына кам көрүүдө.

Экологиялык тармактагы бөлүмгө төмөнкү темалар камтылды:

  • Экосистеманын жалпы түшүнүгү;
  • Талас аймагынын табигый шарттары;
  • Талас аймагынын экосистемасы;
  • Экосистеманы аныктоочу индикатор;

Аиданын баамы боюнча, экология тармагындагы сессиянын баарына катышкандар, экология боюнча эч кандай маселелерди чече алышкан жок. Мукарам жана Гульнара мазар кароолчулары жана шайыктары менен бул темада иштешкен. Ишке ашпай калышынын бирден бир себеби, сесссиялардын жөн гана класста өтүп жаткандыгы болду. Ал эми студенттер болсо, жарым жылдын ичинде, интеррактивдүү, интенсивдүү үйрөнүү методдоруна көнүп калшыкан эле. Дагы бир себеби болсо, лектор академиялык тил менен лекция окуду. Анткени студенттер экология, ботаника жана география тармактарынан адис эмес болушчу. Буларды эске албагандыгы Айгиненин жана лекторлордун күнөөсү болуп калды. Мындан башка иштерди максат кылып, (мазар боюнча маалымат топтоо, маалыматчылар менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү, картография боюнча ж.б.) студенттер, ачык жана так жазуу түрүндө иш план алышкан. Ал эми экология боюнча, мындай план түзүлгөн эмес. Бирок, студенттер тарабынан август жана октябрь айлары арасында чогултулган маалыматтарда, аз да болсо, мазарлардын экосистемасы боюнча маалыматтар болду. Демек Айгине экологиялык иликтөөчүлөрдүн жаңы методдорун издеши керек. Мазарлардын кароолчулары (шайыктары) менен бул эки аймакта тең иш жүргүзүлүп жатты. Негизги изилдөө куралы катары бул адамдардын жашообаяндамалары болду. Мындан башка төмөнкү маселелерди биз өзүнчө алып караштырдык:

  • Мазарга зыярат кылуунун себептери жана таасири;
  • Мазардын шайыктары менен зыяратчылардын бири-бири менен болгон мамилелери;
  • Мазар жөнүндө маалыматтардын ачыктык жана жетиштүүлүк деңгээли;
  • Мазардын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү;
  • Мазарда аткарылчу ырым-жырымдар;
  • Мазардын айлана-чөйрөсү, (флора, фауна)

Д-р Гулнара Айтпаева тарабынан даярдалган