Результаты проектов






 

Таластагы жумушчу топ үчүн үчүнчү семинар

Убактысы: 12-14-май, 2005-жыл
Өткорүлгөн жер: Талас ш., Талас Университети
Тили: кыргыз

Машыктыруучулар:

  • Гульнара Айтпаева,
  • Мукарам Токтогулова,
  • Аида Алымбаева,
  • Маделин Ривес,
  • Джон Коопер
  • Давид Монтгомери (байкоочу)

Семинардын максаттары:

  • Эки айдын ичинде жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрдүн натыйжасында табылган табылгаларды жана анын жыйынтыктарын, сындоо, анализдөө;
  • Антропология тармагынын көрүнүктүү белгилери;
  • Мындан аркы изилдөөлөр үчүн 7 мазарды тандоодогу талаптардын өнүгүшү,

Ар бир жумушчу топтун «Эки айдын ичиндеги жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрдүн табылгалары жана жыйынтыктары»- аттуу сунуштоолору (презентация). Алар төмөндөгү схема боюнча:

  • табылган ыйык жерлердин жана зыярат кылынган ыйык жерлердин тизмеси;
  • ыйык жерлердин өзгөчөлүктөрү;
  • маалматчылардын тизмеси (эркек/аял/жаш балдар)
  • картага түшүрүү үчүн чогултулган маалыматтар;
  • талаа изилдөө кыйынчылыктары;
  • алган билими жана үйрөнгөн ыкмалары;
  • өзүн өзү баалоо;

Таасирдүүлүгү:
Сунуштоолор учурунда эки айлык отчетторун угуп жана талкуулап жатып биз студенттерди бул ишке катыштырганыбыз аябай туура болгондугун түшүндүк. Талашсыз, алар өтө баалуу маалыматтарды топтошту. Алар биз үйрөткөн ыкмаларды бат өздөштүрүп кетишти. Айгине уюмунун жардамы менен изилдөөлөр абдан ийгиликтүү болду.

Студенттер эки айдын ичиндеги изилдөөлөрдун натыйжасында 200гө жакын ыйык жерлерди таба алышты.

Бул табылган ыйык жерлерге барып студенттер төмөндөгүдөй маалыматтарды топтой алышты:

  • Манас районунда 61 ыйык жер, анын ичинен 23 ыйык жерге студенттер барып келишти, үч ыйык жер кароолчусу жок ээн, үчөө- “Тамчы-Булак”, “Долон” жана “Кумурсканын уюгу” коргоого алынган ыйык жерлер;
  • Кара-Буура районунда 51 ыйык жер бар экен. Анын 31 ине студенттер барышты, 38 ыйык жер табигый болуп эсептелет. 4 ыйык жер аралашкан( табигый жана жасалма), 9 ыйык жер жасалма жана алардын кароолчулары бар.
  • Талас районунда 67 ыйык жер бар экен. 34 үнө студенттер барып келишти. 5 ыйык жер жасалма, үчөөнүн кароолчусу бар, алар: Арал айылындагы Зулпукор ыйык жери, Ак-Жар айылындагы Каныкей, Таш –Арык айылындагы Манас-Ордо.
  • Бакай-Ата районунда 36 мазар бар экен. 15ине студенттер барып келишти. Булардын ичинен бирөөнүн гана кароолчусу бар экен.

Жети ыйык жерди тандоо үчүн болгон талаптар:
Үчүнчү семинардын бир бөлүгү жети мазарды тандоого коюлган талаптарды аныктоо эле. Аныктоо иши студенттерге өткөрүлүп берилди анткени алар ыйык жерлер менен түздө-түз байланышта болуп изилдеп жатышты. Алар төмөндөгүдөй талаптарды сунуш кылышты:

  • ыйык жерге адамдардын каттамы;
  • оорулууларды айыктырууда тийгизген таасирлери;
  • айлана-чөйрөсү, шарттары, зыяратчылар үчүн жана аткарыла турган ырымдар үчүн шарттардын бар болушу;
  • оорулар жана жапа тарткан маселелери боюнча атайылаштыруусу;
  • салыштырмалуу зыярат кылууга ыңгайлуулугу;
  • кароолчулардын бар болушу;
  • өзгөчөлүгү;
  • “Манас” эпосуна байланыштуу жаңы ыйык жерлер;

Семинардын алдында бул талаптар боюнча жумушчу топ жана Айгине уюмунун мүчөлөрү менен талкуулар болгондугун белгилеп кетүү керек. Талкуунун натыйжасында студенттердин талаптары абдан маанилүү экени байкалды. Ошентип, теориялык кадам ишке ашырылып, жыйынтыктар менен толукталды. Жигердүү талкуудан кийин төмөндөгү 7 ыйык жер тандалып алынды:

  • Боо-Терек ыйык жери, Бакай-Ата району;
  • Арашан ыйык жери, Манас району;
  • Калпа-Ата ыйык жери, Бакай-Ата району;
  • Тамчы-Булак ыйык жери, манас Раону
  • Нылды-Ата ыйык жери, Бакай-Ата району;
  • Кочкор-Ата мазары, Кара-Буура району
  • Ак-Үй мазары, Кара-Буура району;

Айгине бул тизмени изилдеп чыгуу үчүн кабыл алды. Мындан аркы изилдөө үчүн студенттерге тапшырма.

  • ыйык жерлердин оозеки тарыхы жана зыяратчылардын бул ыйык жер боюнча ой-пикири;
  • Ыйык жердин тарыхы, аты, атынын өзгөрүшү, атынын мааниси, атына байланыштуу эл оозундагы уламыштар;
  • Зыяратчылар бул ыйык жердин таасирин канчалык деңгээлде билишет?;
  • Элдин каттамынын саны, (бир жумада, бтр айда, бир мезгилде, бир жылда), зыяратчылардын курагы, ыйык жерде канча убакытка чейин калышат, канча убакытта бир каттап турушат, алар зыярат кылган ыйык жерлердин саны жана аттары;
  • Ыйык жерлерде аткарылуучу ырым-жырымдар;
  • Зыяратчылардын ыйык жерлерге көнүл буруусу;
  • Ыйык жерлерди кандай максаттар менен колдонушат жана аларга зыярат кылышат;
  • Кароолчулар ( тарыхий жана милдеттенме баяны)

Картага түшүрүү үчүн даярдыктар:
Студенттер картага түшүрүү үчүн чогулткан маалыматтарын жана ой-пикирлерин сунушташты.
Видео жана фото коллекциялар. Семинардын атайын бир бөлүмү ушул видео-фото коллекциалоо үчүн арналган болучу. Бул сессияны Джон Купер алып барган. (АУЦА журналистика департаменти)

Капысынан пайда болгон талкуу. Семинардын кызыктуу бөлүмдөрүнүн бири бул талкуулар болду. Бул талкуулар байкоочу-эксперттер Маделин жана Девид Монтгомери менен студенттер ортосунда болуп жатты. Талкуулардын темасын жалпылап айтканда, Ислам менен ыйык жер болду. Студенттер, ыйык жерлерди зыярат кылгандардын баары өздөрүн мусулман деп эсептешкендиктерин айтышты. Алар исламдын көрсөткөн ыйык жерлери менен бул ыйык жерлердин карма-каршы келгендигин билишкен жок. Зыяратчылардын көпчүлүгү Исламдын официалдуу көрсөткүчү молдолорду сыйлашат.
Тескерисинен молдолор ыйык жерлердин зыяратчыларын жактырышпай каршы турушат. Суроо, эмне үчүн ыйык жердин зыяратчылары исламдын көрсөткүчү молдолорго караганда чыдамдуу келишет? Студенттер болсо, төмөндөгүдөй жооп беришти: Исламда куран китеби бар, ал китепте закондор жазылган. Анда кудайга сыйынуучулардын өзүн-өзү алып жүрүүсү жазылган. Ал эми ыйык жерлердин зыяратчылары болсо, ичиндеги руханий дүйнөсүнүн, жүрөгүнүн айтуусу боюнча зыярат кылышат. Ошондуктан аларда курандай болгон китеп жок, жазыла элек. Ушундан улам алардын жүрүш-турушу законсуз болуп кабыл алынат. Студенттер ислам менен мазардын ортосундагы күч тууралуу суроого абдан ынтызарлык менен жооп берип жатышты.

Д-р Гульнара Айтпаева тарабынан даярдалды