Мен 9-класста окуп жүргөнүмдө, т.а. 1996-жылы, кыш мезгилинде талаадан кечки саат ондордо келаттык эле. Бир маалда тоонун каптал бетинен күндүзгүдөй болуп жарык болуп, тоголок нерседен нур пайда болду. Карасуу айылынын тескей жагындагы каналдын жээгинен, ашып кетсе 1-2 секунд эле, жаныбыздан бир жарым метрдей жакын эле өттү. Мен НЛО тууралуу укчумун, анан өз көзүм менен көргөндө ишене баштадым.
