[Бул текстти автор өзү жазып, Айгинеге жарыялаганга уруксат берип, тапшырган.
Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]
Кубанычбек Тезекбаев, “Улуу кыргыз ордосу”, Бишкек
Салттуу башкаруу системасына келсек мындай: Кыргызды кайра жаралууга алып келишибиз керек. Болбосо совет учурунда генеральный секретарь ж.б. деп, такыр башка башкаруу системасы болуп, ортодо каныбызга сиңе түштү. Кыргыздын каада-салт сабагын өткөн эмеспиз. Орустар кетсе, эми исламдын салттуу молдолору эмес, сектанттар келип калды. Илгерки ата-бабалардын руханий түзүлүшүн – теңирчиликти алып келишибиз керек. Ал мындай:
1. Журт атасы.
2. Журт энеси.
3. Дөө, шаалар.
4. Эрлер, шерлер.
5. Олуя аталар.
6. Акелер – ар бир жерден шайланып келген аксакалдар
Аялдардын арасында болсо:
- Умай эне.
- Киндик эне.
- Бүбү эне. – Булар жакшы маанисинде
Жаман жактары:
- Жез кемпир.
- Мастан.
- Мастек
Ааламдык күчтөр – начар мааниде:
- Кара басты.
- Албарсты.
Чоң маанисинде:
- Кара бакшы
- Ак бакшы.
Мен түзгөн Улуу кыргыз ордосунда ушул башкаруу системасы тажрыйбаланып башталды.
