Ысакжан атанын үйүндө кичинекей китепче бар экен, ошол китепчеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылыптыр.
Күндүн убакты-саатка бөлүнүшү.
- Сопу-садык – түн жарымынан ооп, жылдыз суюла баштаган кез.
- Таң-атар – жарыктын жышааны келе баштаган кез.
- Акшам (саар) – жарык түшүп, бирок күн шооласы көрүнө элек кез.
- Күн жайылган – күндүн нуру жер бетине тегиз жайылган кез.
- Шашке – күн бир аркан бою көтөрүлгөн кез.
- Улуу шашке – саат11.30 гатуура келет.
- Жалган түш – саат 12.00-12.30 гатуура келет.
- Чак түш – күн так төбөгө келген кез.
- Түш оогон – күн оң капталга оогон кез, же саат 14.00-14.30
- Бешим – күн батарга бир аркан бою калган кез, же саат 16.30-17.00
- Дигер – күн тегиз баткан кез.
- Шам – күүгүм түшө баштаган кез.
- Куптан – көз байланган чак.
- Эки куптан – караңгылык толук түшкөн чак.
- Түн – жандуунун баары уйкуга кирген кез.
- Түн бышкан кез – түн ортосу – жылдыз толгон кез, же саат 01.00
- Таңдан – көз байланган чак.
Жаз – 1. амал – март – апрель
2. собур – апрель – май
Жай – 1. жовза – май – июнь
2. саратан – июнь- июль
3. осат – июль – август
4. сумбула – август – сентябрь
Күз – 1. мийзам – сентябрь – октябрь
2. акран – октябрь – ноябрь
Кыш – 1. токсон башы – ноябрь – декабрь
2. токсон – декабрь –январь – февраль
3. чилде – (40 күн) – 22-декабрдан тартып 40 күн
4. үт – февраль- март
Жылды мезгилдерге бөлүштүргөндө эрте жаз, жаз, жай, жай чилде, күз, кеч күз, кыш, кыш чилде, ала-шалбырт деген атоолор дагы кеңири колдонулат.
Алтын Казык – Полярная звезда
Чолпон – Венера
Саманчынын жолу – Млечный путь
Үркөр – Плеяды
Алты аркар – Малая Медведица
Жети аркар (Жетиген, 7 каракчы) – Большая Медведица
