📍 Долбоорлорго байкоо жүргүзүү боюнча жолугушуулар: Бул жумада Айгине маданий изилдөө борбору ийгиликтүү аяктаган долбоорлордун катышуучулары менен байкоо жүргүзүү жолугушууларын улантты. Ар түрдүү демилгелердин өкүлдөрү өз долбоорлорунун жыйынтыктарын, алган сабактарын жана аларды мындан ары өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүшүштү. Жолугушуулар салттуу билимдерди бүгүнкү коомдун муктаждыктарына шайкеш өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.
🤝 Тажрыйба жана келечек: Пикир алышуулардын жүрүшүндө долбоорлордун коомчулукка тийгизген таасири, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү жана демилгелерди улантуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Катышуучулар салттар өзүнүн негизги баалуулуктарын сактоо менен заман талабына жооп бергенде гана жашай турганын белгилешти.
📍 Оштогу жолугушуу: Бүгүн Айгине командасы Ош шаарына келип, Кыргыз-Өзбек университетинин «Феникс» командасы менен жолугушту. Хакатондун катышуучулары Кыргызстандагы петроглифтер менен ыйык-маданий жайларды камтыган виртуалдык 3D музейди түзүү боюнча долбоорунун учурдагы этабы менен тааныштырышты.
🏔️ Мурдашка сапар: Ош шаарындагы жолугушуудан кийин команда Мурдаш айылына жөнөп кетти. Эртең изилдөөчүлөр Мурдаш-Башы петроглифтерине кезектеги экспедиция жасап, көмүр казуу иштеринин бул баалуу маданий мураска тийгизип жаткан таасирин жана эстеликтердин корголуу деңгээлин кайрадан баалашат.