Салттуу билим алып жүрүүчүлөргө ЖИ керекпи? ЖИ күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланды. Бирок ал салттуу билимдерди сактоого жана бөлүшүүгө кандай таасир этет? Бул билимдер санарип системаларда кандай колдонуларын аныктоого алардын алып жүрүүчүлөрү өздөрү катыша алабы? Ушул суроолорду талкуулоо үчүн Айгине МИБ «Салттуу коомчулуктар жана ЖИ» долбоорунун алкагында практикалык иш чарага бул жумада даярдык көрө баштады. Иш чара салттуу билим алып жүрүүчүлөрдү, ар кыл муундардын өкүлдөрүн жана ЖИ адистерин бир аянтчага чогултат. Катышуучулар ЖИнин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, салттуу билимдерди санарип чөйрөдө жоопкерчиликтүү колдонуу жолдорун биргелешип талкуулашат.
Изилдөөчүлөрдүн күндөлүгүнөн: Кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын изилдөө иштери Нарын облусунда уланды. Изилдөө тобу Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин фондунда сакталган кыз-келиндерге таандык ээр-токумдарды жана ага тиешелүү жабдууларды изилдеди. Күмүш менен кооздолгон жүгөн, көмөлдүрүк, үзөңгү, тердиктин жасалгалары жана токулган жабуулар каралып, алардын жасалышы, оймо-чиймелери, металл иштетүү жана булгаарыны көркөм жасалгалоо ыкмалары катталды. Бүгүнкү күндө мындай ат жабдыктары негизинен музейлерде гана сакталып калган. Жыйналган материалдар келечекте кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын ээр-токумун илимий негизде жандандырууга өбөлгө түзөт. Долбоор Паванка Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Борбордук Азиянын чийимташтарына арналган көргөзмө: Айгине МИБ Борбордук Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүү көргөзмөсүн түзүү иштерин улантууда. Учурда археологиялык маалыматтарды, салттуу чечмелөөлөрдү, жергиликтүү билимдерди жана көркөм баяндоону бирдиктүү мазмундук нукка бириктирген көргөзмөнүн баяндама толук даярдалды. Азыр Айгине тобу долбоордун өнөктөштөрү менен биргеликте көргөзмөнүн көркөм көрүнүшүн иштеп чыгууда. Адистер ар бир көрүнүштүн көркөм чечилишин, баяндоонун ырааттуулугун, каармандардын элестерин жана чийимташтарды заманбап санариптик каражаттар аркылуу көрсөтүүнүн жолдорун аныктап жатышат. Көргөзмө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы аскага түшүрүлгөн байыркы сүрөттөр сакталган негизги жайларга саякат түрүндө курулат. Башкы каармандын окуясы аркылуу көрүүчүлөр байыркы сүрөттөр менен гана эмес, алардын айланасында жергиликтүү коомчулуктарда сакталып келген билимдер, уламыштар жана маанилер менен да тааныша алышат. Долбоор ALIPH эл аралык уюмунун жана Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
