Иш жолугушуулар: Бул жумада Айгине МИБ тобу Казакстан жана Өзбекстандагы өнөктөштөрү, ошондой эле Каракалпакстандын өкүлү менен бир катар онлайн жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларга Жанерке Шайгозова, Балгын Салыкова, Лутфия Мирзаева, Фируза Салимова жана Нуржамал Наурызбаева катышты. Талкуулардын негизги маселеси алдыдагы «Салттуу коомчулук жана жасалма интеллект» долбоору болду. Катышуучулар долбоордун максаттарын, негизги багыттарын жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарын, ошондой эле алдыдагы семинардын мазмуну менен уюштуруу маселелерин талкуулашты. Өнөктөштөр демилгеге кызыгуусун жана долбоордун иш-чараларына катышууга даярдыгын билдиришти. Жолугушуулар идеялар менен бөлүшүүгө, күтүүлөрдү тактоого жана мындан аркы кызматташтыктын кадамдарын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берди.
Иш жолугушуулар: Ушул жумада Айгине МИБ тобу «Мурасты жаңырт» хакатонунун жеңүүчүсү NoNeeds жана экинчи орунду алган «Шумкар» топтору менен онлайн жолугушууларды өткөрдү. NoNeeds тобу менен жолугушууга Ала-Тоо эл аралык университетинин өкүлү Андрей Ермаков да катышты. Топтор аткарылган иштердин жыйынтыктарын тааныштырып, долбоорлорунун азыркы этабы жана аларды мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. NoNeeds тобунун Heritage-Tech Ecosystem долбоору ыйык жерлер, салттуу жылсанак жана чийимташтар боюнча билимдерди бириктирип, аларды балдарга заманбап жана кызыктуу форматта жеткирүүгө багытталган. «Шумкар» тобу болсо 5–10 жаштагы балдар үчүн чийимташтар жана ыйык жерлер тууралуу интерактивдүү оюн иштеп чыгууда. Оюндун башкы каарманы — Шумкар аттуу шумкар. Ал балдарды кызыктуу тапшырмалар жана окуялар аркылуу маданий мурастар менен тааныштырып, аларды коргоонун маанисин түшүндүрөт. Жолугушууларда долбоорлордун мазмуну, техникалык чечимдери, алдыдагы иштер жана демилгелерди кеңейтүү жолдору талкууланды. Топтор хакатондо сунушталган идеяларды акырындык менен иш жүзүндөгү билим берүүчү санариптик продуктыларга айлантып жатышат.
Изилдөөчүлөрдүн күндөлүгүнөн: аялдардын айырмач ээри: Айгине МИБдин тобу кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын изилдөөнү өлкөнүн түндүк аймактарында улантууда. Сокулук районунун тургуну Сонункан апа менен болгон маекте аялдардын айырмач ээри тууралуу баалуу маалыматтар жазылып алынды. Буга чейин айырмач ээрди негизинен жаш балдар минген деген маалымат бар болчу. Сонункан апанын айтымында, мындай ээрди балалуу аялдар да колдонушкан. Анын чарасы эркектердин ээринин чарасына салыштырмалуу тереңирээк жана коошураак жасалып, алдыңкы жана арткы каштары кайчылашкан. Аларга кайыш боо менен узун жыгач бекитилген. Мындай түзүлүш алыскы жолдо эне менен баланын коопсуздугун камсыздаган. Ат үстүндө эне же бала уктап кеткен учурда да, наристенин ээрден ооп түшүп кетишине жол бербеген. Ээрдин кенен алдыңкы бөлүгү бешикти же баланы алдыга өңөрүп жүрүүгө да