🎭 «Кыймылга айланган ыр» сынагынын финалына акыркы даярдыктар жүрүүдө. Финал Паванка фондунун каржылык колдоосу менен Айгине МИБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттуу кыргыз ырларынын жаңы деми жана жаңы калыптары» долбоорунун алкагында өтөт. Сахнада жаш катышуучулар тарабынан салттуу кыргыз элдик ырларынын негизинде даярдалган 4 финалдык сахналык иш / кичи-спектакль көрсөтүлөт. Бул сынак ырды кыймыл, сахналык көрүнүш, пластика жана маданий мурасты заманбап чыгармачыл чечмелөө аркылуу ачып берген өзгөчө аянтчага айланды. Финалдык иштерде ар түрдүү темалар камтылат: каада-салттык, эмгек жана лирикалык ырлардын мотивдеринен тартып, эскерүү, коштошуу, сүйүү, аялдык тажрыйба, ички күч, муундар аралык байланыш жана маданий мураска аяр мамиле кылуу сыяктуу маанилүү мазмундук багыттарга чейин. Финал 13-июнда саат 14:00дө Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында өтөт.
🐴 Кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын изилдөө иштери Бишкек шаарында, түндүк аймактар боюнча материалдарды карап чыгуу менен улантылууда. Изилдөөнүн алкагында Айдай Асангулова негиздеген «Кийиз Дүйнө» коомдук фондунда сакталган кыз-келиндерге таандык күмүш ат жабдыктары менен тааныштык. Алгачкы байкоолорго ылайык, түндүк аймактарда аялдардын ат жабдыктары көбүнчө күмүш менен кооздолгон. Айрыкча тердикке күмүш көп бастырылып, четтери кызыл манат кездемеси менен жээктелип, кундуз териси менен жасалгаланган. Мындай жасалгалар буюмдун көркүн гана арттырбастан, анын ээсинин коомдогу ордун, даражасын жана үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгүн да чагылдырган. Бүгүнкү күндө мындай салттуу күмүш ат жабдыктар дээрлик жасалбай калган.
💭 Айгине МИБ тобу Борбор Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүү көргөзмөнү даярдоо ишин улантууда. Учурда көргөзмө сценарийинин орус тилиндеги тексти акыркы ирет оңдолуп-түзөтүлүп, бул иш аяктоо алдында турат. Бул баскычта археологиялык маалыматтар, салттуу чечмелөөлөр, жергиликтүү билимдер жана көркөм баяндоо бирдиктүү маанилик өзөккө бириктирилди. Ошону менен катар долбоор кийинки маанилүү баскычка — үн коштоо иштерине өтүүдө. Учурда кесипкөй актёрлор тобу сценарий менен таанышып, каармандардын үнүн, мүнөзүн жана ички сезимдик боёгун жеткирүүгө даярдык көрүүдө. Бул иште текстти жөн гана окуп берүү эмес, ар бир каармандын ички дүйнөсүн, маанайын жана таш бетинде сакталып калган байыркы элестер менен болгон байланышын үн аркылуу ачып берүү өзгөчө мааниге ээ. Үн коштоо аркылуу көрөрман каармандардын жандуу катышын сезип, ар бир элестин артында турган тарыхый, маданий жана белги-маанилик мурастын тереңдигине сүңгүп кире алат. Долбоор ALIPH жана Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.