Сүңгүп кирүүчү көргөзмөнүн баяны боюнча иш: Бул жумада Айгине МИБ кеңсесинде Борбор Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүүчү көргөзмөнүн баянын окуу жана алгачкы үн менен берүү иштери башталды. Бул баскыч текстти кагаздагы жазуу катары гана эмес, көрүүчүгө жеткиликтүү, таасирдүү жана жандуу угулчу баяндоо катары кабыл алууга жардам берди. Иштин жүрүшүндө жумуш топ баяндын күчтүү жана алсыз жактарын карап чыкты: кайсы жерлерде ойду тактоо керек, кайсы бөлүктөрдө окуянын ички чыңалуусун күчөтүү зарыл, ал эми кайсы өткөөлдөрдү жумшагыраак жана табигый кылуу керектиги белгиленди. Алдыда баяндын түзүлүшүн, тилин жана угулушун дагы да бышыктоо боюнча көп иш турат. Баяндоого Борбор Азиянын өлкөлөрүндөгү — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы чийимташтар жана аларга байланышкан маданий өңүттөр кирди. Байыркы таш сүрөттөрдүн элестери аркылуу көргөзмө чийимташтарды жөн гана тарыхый эстелик катары эмес, адамдын жаратылыш, убакыт жана мейкиндик менен болгон байланышын чагылдырган эс-тутумдун, билимдин жана мурастын белгилери катары ачып берүүгө умтулат. Долбоор ALIPH жана Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ала-Тоо университетинде конокто: Жакында Ала-Тоо эл аралык университетинде студенттер үчүн илимий изилдөө маданиятына арналган бир күндүк чоң иш-чара өттү. Анда жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу, чакан ой же демилге коомго таасир бере турган маанилүү долбоорго кантип айланышы мүмкүн экени тууралуу сөз болду. Негизги баяндамалар компьютердик инженерия, жасалма интеллект, нано чиптер жана заманбап технологиялардын келечегине арналды. Айгине МИБ болсо студенттер менен жыйырма жылдан ашуун изилдөө тажрыйбасын бөлүшүп, илим лабораторияда гана эмес, айылдарда, жайлоолордо, тоолордо, адамдардын эскерүүлөрүн, оозеки тарыхын жана жергиликтүү түшүндүрмөлөрүн угуу аркылуу да жараларын белгиледи. Касиеттүү жерлерди, чийимташтарды жана салттуу билимди изилдөө мисалында жөнөкөй маек да убакыт өтүп өлкө деңгээлиндеги маанилүү долбоорго айланышы мүмкүн экенин көрсөттүк. Ошондой эле 1000 комузчунун аткаруусунун артында көп жылдык изилдөө эмгеги, анын ичинде Нурак Абдрахманов агайдын Эн-Белги ыкмасын өнүктүрүүдөгү салымы турганын айтып өттүк. Бул иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк берген Ала-Тоо университетине ыраазычылык билдиребиз!
Изилдөөчүлөрдүн күндөлүгүнөн: Кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын изилдөө иштери эми түндүк аймактарда уланууда. Изилдөөнүн максаты — кыз узатууда колдонулган аял ээр-токумунун аймактык өзгөчөлүктөрүн аныктоо. Түндүктөгү иштер Бишкектен башталып, жаш изилдөөчүлөр 40 жылдан ашуун убакыттан бери ат жабдык жасап келе жаткан уста Курманбек Сартматов жана Сокулук районунун тургуну Сонункан апа менен маектешти. Курманбек мырза күмүш ат жабдыктар, көмөлдүрүк жана салттуу жасоо ыкмалары тууралуу айтып берсе, Сонункан апа элечек ороо, кыз узатуудагы кошоктор жана аялдардын ээр-токумунун айырмачылыктары тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Долбоор Паванка Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
