Самаркан шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Жалпы жыйналышынын 43-отурумунун алкагында бир катар кошумча жолугушуулар өткөрүлүүдө. Алардын бири — Жибек Жолдорунун Жандуу мурасы Бирикмесинин Кеңеш берүүчү Бюросунун төртүнчү жолугушуусу. Бул иш-чара Түштүк Кореяда жайгашкан, ЮНЕСКОнун колдоосу астындагы Азия–Тынч океан аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалыматтык жана тармактык борборунун (ICHCAP) каржылык колдоосу жана Самаркан шаарындагы Борбор Азия боюнча Эл аралык изилдөө борборунун уюштуруусу менен өтүп жатат. Жолугушуунун негизги максаты — Бирикмеге кирген өлкөлөрдүн бейзаттык маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле бул багытта биргелешкен аракеттерди өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерди бөлүшүү болуп саналат. Бул жолугушууга Айгине Маданий изилдөө борборунун директору Гүлнара Айтпаева катышып, Кыргызстандагы бейзаттык маданий мурастарды документтештирүү, изилдөө жана муундан муунга өткөрүү жаатындагы иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.
«Жети эненин батасы» долбоорунун тобу жана сүрөтчү кыздардын жамааты, жетекчиси Алия Алишерова, аялдардын баталарына арналган жандуу сүрөт тасманы бүтүрүштү. Тасманын көркөм негизи — кол өнөрчү Гулмира Кутуева жараткан оймолор. Ар бир оймодо өлкөнүн ар кыл аймактарынан чогултулган аялдардын баталарынын ыйык сөздөрү жашырылган. Кыял Тажиеванын түзөтүү иши аркылуу баталар көркөм түргө ээ болуп, өзүнүн жандуу үнүн жана терең маанисин сактап калды. Долбоордун өзүнчө багыты — зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон жети аялга жана кызга арналган кошокторду каттоо иши. Зомбулукка каршы тилектештик иретинде, долбоордун тобу ар жума сайын бирден кошок жарыялап, алардын элесин сактап жана жыныстык зомбулукка каршы коомдук баарлашууну колдоону максат кылууда. Жандуу сүрөт тасма аяктоо алдында, топ долбоордун жыйынтык материалдарын — тасманы жана кошоктордун жазмаларын — элге сунуштоого даярдык көрүүдө. Көрсөтүү Жетинин айына белгиленген.
Айгине МИБ тобу «Борбор Азия чийимташтарынын бирдиктүү санариптик аянтча түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» долбоорунун алкагында аймактык жыйынга акыркы даярдыктарды көрүүдө. Бул иш-чара аймактагы изилдөөчүлөрдү, археологдорду жана этнографтарды чогултуп, чийимташтарды байыркы мурастын эстелиги катары гана эмес, азыркы элдердин дүйнөтаанымы жана салттуу түшүнүктөрү менен байланышкан жандуу маданий мурас катары талкуулоого мүмкүнчүлүк берет. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар чийимташтарды каттоо, сүрөттөө жана чечмелөө ыкмаларын, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды бул мурасты сактоого тартуу жолдорун талкуулашат.