🏞️ Айгине МИБ Борбордук Азиядагы чийимташтар боюнча маалыматтарды бириктирген санариптик аянтча түзүү иштерин улантууда. Сайтта сүрөттөр, баяндоолор, видеолор жана изилдөөлөр жайгаштырылып, маалымат ар бир адамга жеткиликтүү жана кызыктуу болот.Өткөн жумада Айгине тобу Казакстанга барып, чийимташтарды жана маданий эстеликтерди изилдеди. Талаа изилдөө иштердин жүрүшүндө чогултулган этнографиялык жана археологиялык маалыматтар келечектеги булакка киргизилет.
⚜️ Айгине МИБ ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы менен өнөктөштүктө маанилүү иш-чарага даярданууда — «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик саякат» долбоорунун алкагында түзүлгөн улуттук бейзаттык маданий мурас боюнча аянча бет ачарына. Бет ачар Аяк оонанын 18 де Бишкек шаарындагы «Супара» этнокомплексинде (Көк-Жар айылы) өтөт. Бул маалыматтык булак өлкө боюнча ар кайсы жамааттар жана мурас ээлери менен тыгыз кызматташтыкта чогултулган маалыматтарды бириктирет. Анда кыргыз элинин салттары, билими жана тажрыйбасы жөнүндө баяндагандын тексттери, сүрөттөрү, видеолору жана аудиолору камтылат. Маанилүүсү — бул булак мурастын башкы сакчылары болгон жамааттардын жигердүү катышуусу менен түзүлдү.