Айгиненин жаштарды мурасты сактоого тартуу тажрыйбасы тууралуу вебинар: Бул жумада Паванка фонду тарабынан уюштурулган «Жергиликтүү жамааттардын үнү» вебинарлар сериясынын акыркысы өттү. Айгине МИБ тобу алыскы аймактардагы мектеп окуучуларын бейзаттык маданий мурастарды изилдөөгө жана сактоого тартуудагы тажрыйбасы менен бөлүштү. «Улуу Тоолор» долбоорунун алкагында өспүрүмдөр карыялардан уламыштар, чиймелер, дарылык өсүмдүктөр жана 1916-жылдагы окуялар тууралуу маалымат чогултушкан. Вебинар Чынар Сейдахматова жүргүзгөн Эркек Шам ырымы менен ачылды. Бул ырым ар түрдүү доорлордо болгон каргашалуу окуяларда унутта калган, көмүлбөй калган арбактарга арналган.
Жалтырак Таштагы сүрөттөргө саякат: Бул жумада Кыргызстандагы эң таасирдүү, бирок бейзаттык мурас жагынан изилденбеген чийимтташтардын бирине — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Жалтырак Ташка Айгине МИБ тобунун үч күндүк саякат жыйынтыкталды. Сапар Борбордук Азия чийимташтар боюнча бирдиктүү маалымат булагын түзүү долбоорунун алкагында өттү. Бул демилгенин өзгөчөлүгү — чийимташтардын бейзаттык жактарына көңүл буруп, жергиликтүү элдин түшүндүрмөлөрүн да камтуу. Айгине МИБ тобу сейрек кездешүүчү чийимташтарды байкады. Кыргыздын салттуу оймосу түрүндөгү куйрук менен чегилген кабыландын элеси, аңчылык көрүнүштөрү, кентавр, киши-кийик (сатир), аял аңчылар, боз үйлөр жана ыйык белгилер тартылган сүрөттөр табылды.
