🏹 Асыл Садыр уулу Жумагазы абанын жаркын элесине арнап, өзү төрөлгөн жана акыркы сапарга кеткен Ысык Көлдөгү Кызыл Туу айылынын мектеби менен биргеликте 5-11 класс окуучулар арасында дил баян сынагын баштадык. Ал сынакта окуучулар Жумагазы абанын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн, кыргыз дүйнөсүнө кошкон салымын изилдеп, өй жүгүртүүлөрүн жазышат. Сынактын жыйынтыгы бугу айынын аягында чыгат.
🌀 Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары тууралуу маалымат жыйноонун аякташы: Өткөн жумада Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары жөнүндө маалымат жыйноо иши соңуна чыкты. Аймактык изилдөөчүлөр Бурул Исмантаева жана Дөөлөт Рысбаев усталар, алардын жасоо ыкмалары жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды топтоду. Муну менен Кыргызстандын бардык аймактарындагы талаа иштеринин негизги бөлүгү аяктап жатат.
Бул иш Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги алдында, Түштүк Корея ЮНЕСКОнун бейзаттык мурас борбору (ICHCAP) тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында жүрүүдө. Алдыда жыйналган маалыматтарды иретке келтирүү, кыргыз, орус жана англис тилдерине которуу жана санариптик маалымат булагына жайгаштыруу иштерин жүргүзүү күтүлүүдө.
🏔️Ак Үнкүрдө талаа иш-чарасы: Бул жумада Сары-Жаздагы Ак Үнкүрдө талаа иш-чарасы өткөрүлдү. Бул чиймелер түшүрүлгөн маанилүү үңкүр кыргыз элинин байыркы мурасын сактап турат. Изилдөө учурунда үңкүрдүн үн кайтаруу өзгөчөлүктөрү катталып, ошондой эле анда болгон салттуу билим адистер өздөрүнүн бул жердеги сезимдери жана байкоолору менен бөлүшүштү. Археоакустика боюнча адис Мэтью Такер чогултулган маалыматтарды талдоого киришти. Бул изилдөөлөр үңкүрдөгү үндөрдүн байыркы коомдордун жашоосундагы ордун түшүнүүгө өбөлгө түзөт.