🌀Кыргыз кол өнөрчүлүгү боюнча маалыматтарды чогултуу иштери: Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү иштери жигердүү жүрүп жатат. Учурда изилдөөчүлөр Шаакан Токтогул жана Элнарбек Абдыгапар уулу Чүй облусунда талаа изилдөө иштерин жыйынтыктап жатышат. Алар жергиликтүү уз-чеберлер жана салтты сактоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Ошол эле учурда, Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу чогултулган маалыматтарды талдоого жана системалаштырууга киришти. Жакын арада «Салттуу кол өнөрчүлүк» багыты боюнча ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастын Улуттук тизмесинин алкагында кыргыз тилинде атайын терминология иштелип чыгып, бекитилет. Терминология бекитилгенден кийин бардык материалдар орус жана англис тилдерине которулат. Бул долбоор ЮНЕСКОнун Азия-Тынч океан аймагы боюнча бейзаттык маданий мурастын маалыматтык-тармактык борборунун (ЮНЕСКО ИЧКАП) жана Корея Республикасынын расмий өнүктүрүү жардамы программасынын (ODA) колдоосу менен ишке ашырылууда.
📚 Китеп чыгарууга даярдык көрүү: Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу «Балдар Асманы» аттуу балдар китебин чыгаруу боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул басылма жаш окурмандарды планеталардын жана жылдыздардын жаралышы тууралуу кызыктуу окуяларды баяндаган кыргыз эл жомоктору менен тааныштырат. Китепке Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, астроном Абакир Калыбеков тарабынан тандалып, иштелип чыккан 10 кыргыз эл жомогу киргизилет.