🖌️ Аймактардагы кол өнөрчүлүктү изилдөө: Бул жумада салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү үчүн талаа маалыматтарын чогултуу иштери башталды. Баткен облусунда изилдөөчүлөр Мирлан Жолдошбаев жана Руслан Жунусов жергиликтүү кол өнөрчүлүктүн салттарын изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда изилдөөчү Айбек Дүйшөнкулов усталар менен жолугуп, алгачкы маектерди өткөрдү. Маалымат булагын түзүү кол өнөрчүлүк боюнча билимдерди сактап калуу менен гана чектелбестен, усталарга маданий демилгелерге жана билим берүү долбоорлоруна катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук Комиссияга жана Баткен менен Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү жамааттарына көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул долбоор ЮНЕСКОнун колдоосу астындагы Азия-Тынч океан регионундагы бейзаттык маданий мурас боюнча Эл аралык маалымат жана тармактык борбор (ICHCAP) тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасындагы салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана туризм тармагын бекемдөөгө багытталган төрт жылдык программанын алкагында ишке ашырылууда.
🎬 “Дулдул булак” долбоору жана тарыхый гезиттерди санариптештирүү: Асель Китаева жетектеген жаш сүрөтчүлөр командасы «Дулдул булак» аттуу анимациялык тасманын сүрөттөрүн иштеп чыга баштады. Бул тасма анимация менен жандуу тартылган көрүнүштөрдү айкалыштырып, ыйык жерлердин тарыхы, алардын маданий мааниси жана эреже-талаптары тууралуу баяндайт. Ошондой эле 1925–1927-жылдардагы «Эркин Тоо» гезитинин алгачкы сандарын санариптештирүү жана котормоо иштери уланууда. Жумуш аяктагандан кийин, гезиттин көчүрмөлөрү Айгине веб-сайты аркылуу жеткиликтүү болот. Бул долбоор Паванка фонду тарабынан каржыланып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган.