2024-жылдын күзүндө, Кыргыз мамлекеттиктигинин 100 жылдыгына карата, Айгине МИБ “Солтек” ЖЧКсы менен биргеликте “Эркин Тоо” гезитинин (1925–1927-жж.) алгачкы сандарынын санариптештирүү жана котормоо долбоорун баштады. Үч жуманын ичинде 324 саны санарип тааныгычтан (сканерден) өткөрүлдү, ал эми азыр сандар араб алиппесинен кириллицага котормоодо. Иш аяктагандан кийин Эркин Тоо сандары Айгиненин веб-баракчасына жайгаштырылып, кыргыз мамлекеттиктигинин негиздөөчүлөрү 100 жыл мурун эмне жөнүндө жазышканын билүүгө өтө сейрек мүмкүнчүлүк ачылат. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашууда.
“Дулдул булак” анимациялык тасмасынын тартуусу башталды: Бул жумада “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын тартуу иштери башталды. Бул өзгөчө тасма анимация менен жандуу тартууларды айкалыштырып, ыйык жерлер тууралуу баяндайт: алардын тарыхы, зыярат кылуунун эрежелери жана маданий мааниси чагылдырылат. Долбоор Паванка Фондунун колдоосу менен ишке ашууда.
Жылдыздар жөнүндө жергиликтүү билимдер: «Балдар Асманы» демилгелүү тобу жаш сүрөтчүлөр бирикмеси менен Асель Китаева жетекчилигинде балдар үчүн жылдыздар жана Күн тутуму тууралуу видео сабакты аяктады. Тасмадагы ар бир окуя биздин Күн тутумундагы сооралардын сырларын ачып, анын жаралышы тууралуу кыргыз уламышын камтыйт. Салттуу уламыштарга негизделген кыргыз тилиндеги бул кооз демилге балдарды өз маданий тамырлары менен жакындан тааныштырып, астрономияга болгон кызыгууну арттырат. Жылдыздар жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы уламыштар «Жылдыз Санак» демилгелүү тобунун жетекчиси, астрономия боюнча улук окутуучу Абакыр Калыбеков тарабынан чогултулуп, системалаштырылган.