⛰️ Парагвайдагы акыркы жолугушуулар: Бул жумада Айгине Маданий Изилдөө Борборунун тобунун Парагвайдагы иш сапары жыйынтыкталды. Бештин айынын 7-де биз ишир түпкү коомчулугунан чыккан салттык кол өнөрчүлүк менен алектенген — сейрек кездешүүчү себеттерди жана сүрөттөрдү жаратуучу сүрөтчүлөр үй-бүлөсүнө бардык. Баарлашуу учурунда алардын тарыхын угуп, ишир коомчулугунун жашоосу тууралуу көп нерсени билдик. Бул коомчулук көптөн бери өкмөт тарабынан көңүлгө алынбай келет. Ишир эли өзүнүн салттык ырым-жырымдарын Парагвайдын түндүк аймактарында гана аткарып келишет, ал эми айрымдары борбор калаа Асунсьонго жан багуу үчүн көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай жолугушуулар маданиятты сактоо жана түпкү элдерди колдоо канчалык маанилүү экенин эске салып турат. Алардын маданияты дүйнөлүк мурастын кайталангыс бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле биз Асунсьон шаарындагы Барро музейине барып, анын директору жана кызматкерлери менен жолугуштук. Жолугушууда түпкү элдердин чыгармачылыгы жана петроглифтерге байланышкан маселелер талкууланды.
📒 Иш жолугуу: Бештин айынын 10-да Бишкекте Кыргыз Республикасындагы салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана туристтик индустрияны чыңдоого багытталган төрт жылдык программанын (ODA расмий өнүктүрүү жардам программасы) алкагындагы Башкаруу Комитетинин (PSC) жыйыны өттү. Жыйында Айгине Маданий Изилдөө Борбору кол өнөрчүлөрдүн маалымат булагын түзүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө жоопчот сунуштады. Бул долбоор ЮНЕСКОнун демилгеси менен Азия-Тынч океан регионунун бейзаттык маданий мурастары боюнча эл аралык маалыматтык жана тармактык борбору (ИЧКАП) тарабынан колдоого алынган. Маалымат булагын түзүү ойу жигердүү талкууну жаратты. Талкуу учурунда долбоордун каржылоо, пландоо жана маалымат булагын ар бир кол өнөрчү үчүн зарыл болгон тармактар толук камтуусу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
📉 Маалымат булагын түзүү үчүн машыгу: Бештин айынын 12-де Бишкекте Кыргыз Республикасындагы салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана туристтик индустрияны чыңдоого багытталган төрт жылдык программанын (ODA расмий өнүктүрүү жардам программасы) алкагында Айгиненин кеңсесинде машыгуу орун алды. Машыгуунун максаты – кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүүнүн эрежелерин жана ыкмаларын үйрөтүү/үйрөнүү. Машыгууга кол өнөрчүлүккө же маалымат топтоого кызыккан адамдар катышты.