Мурдаш Башы чийимташтарын санариптештирүү жана документтештирүү долбоорунун мүчөсү, Ош Университетинин археологу Салтанат Алишер кызы өткөн жумада профессор Сулеймановдун мааракесине арналган эл аралык иш-чарага баяны менен катышты. Иш-чара Ташкенттеги Улуттук археологиялык борборунда өтүп, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген адистер чогулушту. Салтанат Ош облусундагы Мурдаш Башы чийимташтарынын байлыгы жана өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берип, алардын Кыргызстан маданий мурастарындагы сейрек жана маанилүү ордун белгиледи. Ошондой эле ал Айгине МИБ тобунун чийимташтарды санариптештирүү жана документтештирүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул иште изилдөөчүлөр пайдаланган ыкмалар ошондой эле кыйынчылыктар тууралуу баяндады.
Биз Асел Даниярованын («Санжарбек Данияров Фонду») баалуу кеңешине таянып, өнөктөш Солтек менен биргеликте 1924–1927-жылдары жарык көргөн «Эркин Тоо» гезитин санариптештирүү жана азыркы кыргыз тилинде жазып чыгууну баштап жатабыз. Бул иш-аракети менен биздин уюмдарыбыз Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө өз салымыбызды кошуп турабыз. «Эркин Тоо» — кыргыз тилинде басылып чыккан алгачкы гезит болуп, 1924-жылы араб ариби менен чыккан, кийинчерээк латын ариби колдонулган. Бардыгы болуп 144 саны жарык көргөн гезиттин азыркыга чейин үч саны гана санарипке киргизилген жана алар изилдөөчүлөр үчүн жеткиликтүү эмес. Бул гезит — кыргыз мамлекеттикчүлүгүнүн түптөлүшүн чагылдырган уникалдуу булак. Биз бул мурасты Кыргызстандын алгачкы тарыхы менен кызыккандардын баарына жеткиликтүү кылууну максат кылып жатабыз.
Салттуу билимдер боюнча адис жана Айгине МИБ көп жылдык өнөктөшү Жумагазы Садыр уулу КТРКнын «Маек Төр» программасына катышып, Апела Колорадонун “Дүйнөлөр арасындагы аялзат” (Женщина между мирами) аттуу китебин кыргыз тилиндеги котормосун оңдоо-тактоо тажрыйбасы жана ойлору менен бөлүштү. Маектин жүрүшүндө Жумагазы аба бул китептин кыргыз окурмандары үчүн маанилүүлүгүн айтып, руханий мурастарды жана жергиликтүү элдердин салттуу билимдерин сактоонун маанисин белгилеп өттү.