🏞️ Жергиликтүү изилдөөлөр: Тогуздун айынын башында, Айгине Маданий Илимий Борборунун тобу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак, Учкун жана Охна айылдарында окуучулар үчүн иш-чара өткөрдү. Бул иш-чара “Улуу Тоолор” долбоорунун алкагында өткөрүлүп, анда окуучулар өз айылдарында төмөнкү темалар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт: а) уламыштар, б) дары чөптөр, в) чийимташтар, г) ийгиликтүү айымдар, д) түпкү Кыргызстан, е) 1916-жыл окуялары. Изилдөөлөрдөн тышкары, окуучулар тоолордо ишембилик өткөрүштү. Видеодо Кызыл-Булак жана Охна айылындагы мектеп окуучуларынын ишембилиги. Долбоордун жыйынтыгы Жетинин айынын башында өтөт.
👩🏻‍💻 Иш жолугуу: Айгине Маданий Изилдөө Борборунун өкүлдөрү Борбордук Азиянын салттуу күрөш жана ат оюндары, анын ичинде кыргыздын Көк Бөрү, Алыш жана Оодарыш улуттук мелдештер боюнча илимий макала даярдоо максатында, Тогуздун айынын 19-да Айгиненин адиси жана өнөктөшү Темирбек Токтогазиев менен жолугушуу өткөрдү. Темирбек аба кыргыздардын салттуу мелдештери тууралуу терең билимин биз менен бөлүшүп, бул оюндардын Кыргызстан тарыхында жана кыргыз маданиятында кандай чагылдырылганы жөнүндө оюн кеңири бөлүштү.
🎶 Концертке даярдык: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун тобу – музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов жана Залина Касымова – өз эмгектеринин жыйынтыгын көрсөтүүгө жигердүү даярданып жатышат. Алар жана алардын шакирттери кайрадан жасалган комуз жана кыл кыяктарда ойноп, оркестрдин үнүнө ошол салттуу «коңур» үндү кошушат. Концерт Жетинин айында өтөт.