Аяк оонанын 3-дө биз кошок айтуу – өнөрүн сактап келе жаткан Үпөл Бейшебаева эже менен жолуктук. Упөл эже бул өнөргө 98 жаштагы апасынан үйрөнгөнүн айтып берди, ал учурда Таласта жашап жатат. Өлкөбүздө үй-бүлөлүк зор-зомбулуктан каза тапкан кыз-келиндерге “Жети эненин батасы” долбоорунун алкагында кошок жаратуу маселеси талкууга алынды. Кошок – кыргыздардын түпкүү мурасы катары азыркы коомдук көйгөйлөрдү азайтууга кызмат кыла алат деген үмүттөбүз.
Аяк оонанын 3-дө “Замана” эртеңки студиясында Мурдаш Башынын уникалдуу чийимташтарын талкуулаган түз эфир өткөрүлдү. Талкуу учурунда бул байыркы археологиялык жайдан табылган сүрөттөрдүн ар түрдүүлүгү жана алардын негизинде жаралган жаңы уламыш менен «Мурдаш Башы кемеси» аттуу таш сүрөттөрдү жандандырган тасма тууралуу сөз болду. Айрыкча, бул Байыркы мурас талкаланып жоголуп бараткан коркунучуна өзгөчө көңүл бурулду. МИБ Айгине өнөктөштөрү Темирбек Токтогазиев менен Чынар Сейдахматова чийимташтарды изилдөө жана сүрөттөмөлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. Чийимташтар Мурдаш Башыда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда биздин ата-бабаларыбыз калтырган бай билим катмарын камтыйт.
Аяк оонанын 1-3 күндөрү МИБ Айгине тобу Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Кызыл-Булак, Учкун жана Охна айылдарындагы мектептерде «Улуу Тоолор» долбоорунун алкагында жергиликтүү изилдөө боюнча машыгуу иш-чараларды өткөрдү. Окуучулар сунушталган машыгууна чоң кызыгуу менен катышып, жигердүү катышып, өз аймактарынын маданий мурасын изилдөөгө чын жүрөктөн кызыгуу көрсөтүштү. Долбоор бир айга созулуп, анын жыйынтыгында жергиликтүү тургундардын оозеки уламыштары жана тарыхый окуялары жыйналат. Изилдоөөлөр үч мектептин окуучулары тарабынан чогултулуп, чыгармачыл түрдө иштелип чыгып, өз жеринин оозеки тарыхын сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында коомчулукка сунушталат.