Бет ачарга даярдануу: “Арыш-Кенч” коомдук уюму менен өнөктөштүк долбоорунун алкагында “Айгине” маданий-изилдөө борбору көп жылдардан бери иштеп келе жаткан өнөктөшү, маданият кызматкери, Дүйнөлүк жергиликтүү илимдер тармагынын (WISN) негиздөөчүсү, Апела Колорадо китебинин котормосун тартуулоого даярданууда. «Дүйнөлөр арасындагы аялзат» аттуу китеби анын түпкү маданиятынын тамырын изилдөө аркылуу анын руханий изденүүсүн изилдейт. Китептин бет ачары Аяк оонанын аягына пландалууда.
Форумдун иши: Айгине МИБ Аткаруу комитетинде Азия-Тынч океан аймагынан өкүл болгон бейзаттык маданий мурас боюнча Эл аралык бейөкмөт уюмдар форумунун ишинин алкагында форумдун мүчөлөрүнүн эл аралык симпозиумуна даярдыктар жүрүүдө. ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча 2003-жылдагы Конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн Өкмөттөр аралык комитетинин жылдык жыйынынын алкагында форумдун мүчөлөрү бейзаттык маданий мурастарды коргоо үчүн жамааттар жана алып жүрүүчүлөр менен биргелешип иш алып барган тажрыйбалары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү ошондой эле Форумдун веб-сайтын жаңыртуу жана Форумдун чейректик маалымат бюллетенин даярдоо үстүндө иштеп жатышат.
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ “Балдар Асманы” долбоорунун алкагында жумушчу топ жаш сүрөтчүлөр жана аниматорлор Асель Китаеванын жетекчилиги астында топ менен биргеликте болочок видеосабактын ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) түзүү иштерин аяктады. Бул видеосабак көрүүчүлөргө муундан муунга өтүп келген асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү ачып берет. Видеосабактан тышкары, долбоордо жаркын сүрөттөр менен коштолгон балдар китебин чыгаруу да каралган. Бул китепке “Жылдыз Санак” демилгелүү тобунун мүчөсү, астрономия боюнча улук окутуучу Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман сфералары тууралуу элдик уламыштар киргизилет. Бул долбоор салттуу билим системасын жаш муундарга заманбап мультимедиалык аянтчалар аркылуу жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
“Түпкү Кыргызстан”: Айгине Маданий Изилдөө Борбору “Түпкү Кыргызстан” компонентин ишке ашырууда, анын максаты — Кыргыз Республикасынын аймагындагы айылдардын, тоолордун, дарыялардын, мөңгүлөрдүн жана башка жаратылыш объектилеринин байыркы аталыштарын калыбына келтирүү жана сактоо. Учурда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканадан материалдар чогултулуп, ошондой эле Ж. Баласагын атындагы КМУнун улук окутуучусу жана астроном Абакир Калыбековдун жеке архивинен санариптик карта алынган. Мындан тышкары, ар кайсы жерлердин аталышынын келип чыгуу уламыштары менен бөлүшкөн Кара-Кулжа районунун тургундарынан оозеки маалыматтар чогултулууда. Бул материалды издөө жана топтоо ишин Төлөнбаев Жанболот активдүү жүргүзүүдө.
![]()

