🌌 Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ “Балдар Асманы” долбоорунун алкагында жумушчу топ жаш сүрөтчүлөр жана аниматорлор Асель Китаеванын жетекчилиги астында топ менен биргеликте болочок видеосабактын ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) түзүүгө киришти. Бул видеосабак көрүүчүлөргө муундан муунга өтүп келген асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү ачып берет. Видеосабактан тышкары, долбоордо жаркын сүрөттөр менен коштолгон балдар китебин чыгаруу да каралган. Бул китепке “Жылдыз Санак” демилгелүү тобунун мүчөсү, астрономия боюнча улук окутуучу Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман сфералары тууралуу элдик уламыштар киргизилет. Бул долбоор салттуу билим системасын жаш муундарга заманбап мультимедиалык аянтчалар аркылуу жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
👩🏻‍💻 Иш жолугушуу: Баш оонанын 14 Айгине МИБ кеңсесинде МИБ Айгине жана ИЧКАП (ЮНЕСКОнун колдоосундагы Азия-Тынч океан аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча эл аралык маалымат жана тармактык борбор) топторунун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк маданияты жана туризм индустриясын өнүктүрүү долбоорунун алкагында түзүлө турган кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын (базасын) жаратуу маселеси талкууланды. Жолугушуу учурунда болочок маалымат булагынын таризи жана мазмуну, ошондой эле келечектеги платформа үчүн керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кадамдарды талкуулашты. Изилдөөгө ИЧКАП тарабынан Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк маданияты жана туризм индустриясын өнүктүрүү боюнча төрт жылдык долбоордун алкагында колдоо көрсөтүлдү.
📚 Колдонмо түзүү: Айгине МИБ жана «Суучулар» демилгелүү тобунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында, долбоордун жумушчу тобу, жетекчиси – Айбека Самаков, климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мурастарга тийгизген таасири жана аны этибарга алып конүү чаралары боюнча иш колдонмону чыгарууга даярданууда. Маалымат Нарын жана Баткен дубандарында климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мурастарга тийгизген таасири боюнча жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн негизинде түзүлгөн. Нарын дубанында салттуу ветеринария/мал ооруларын дарылоо боюнча болсо, Баткен дубанында өрүк өстүүрүү боюнча болду.