Мурдаш боюнча Кыймыл Тасма (Моушн) иштеп чыгуу: «Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоору бүгүн көмүр казуу иштеринин кесепетинен жоголуп бараткан байыркы өнөрдү сактоого арналган. Айгиненин тобу Тентек бирикмеси менен бирге келечектеги анимациялык моушн тасманын акыркы ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) иштеп аякташты. Тасманын окуясы элдик билермандарынын жана археологдорунун катышууусу менен түзүлгөн. Иш тобу кийинки кадамга – Мурдаш Башында тартылган бөлүкчөлөрү жана жалпы окуяны анимациялоого киришти.
Түпкү жер-суу аттары: Түпкү Кыргызстан долбоорунун алкагында Айгине маданий-изилдөө борборунда илимпоз Абакир Калыбеков менен жолугушуу болду. Бул долбоор Кыргызстандын түпкү жер-суу аттарын аныктоо максатында түзүлгөн. Абакир агай өзүнүн архивинен 2000 жылы Калифорния Университетинде (АКШ) санариптештилген Кыргызстандын картасы менен бөлүштү. Ал булактан жетишпеген же унутулуп калган жер-суу аттарын табабыз деген үмүтүбүз бар.
Китеп чыгаруунун даярдыгы : Апела Колорадонун “Дүйнөлөр ортосундагы аялдар” аттуу кыргыз тилине которулган китебин басууга даярдоо иштери аяктады. Бул иш Айгине МИБ жана “Арыш-Кенч” коомдук уюму тарабынан ишке ашырылган өнөктөштүк долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Котормону Чолпонай Усубалиева-Грищук ишке ашырды. Басмага даярдоо ишинде тиешелүү билермандарынын: акын, манасчы, илимпоздорун пикирлери чогултулду. Ошондой эле жаш сүрөтчү, Манас Кыргыз-Түрк Университетини окуучусу Алия Алишерова тарабынан китептин мукабасы даярдалды.
Разработка моуш видео: проект “Сохранение петроглифов Мурдаш Башы и связанных с ними традиционных знаний через картирование и цифровизацию” посвящен древним каменным рисункам Мурдаш Башы, которые разрушаются и исчезают буквально на наших глазах из-за активных разработок угольных шахт. В сотрудничестве с объединением Тентек завершена разработка финальной версии раскадровки будущего анимационного моушн видео. Сюжет построен на осмыслении значения историко-культурного комплекса Мурдаш Башы. Сюжет был сформирован в процессе работы традиционных практиков и археологов проекта по интерпретации рисунков на камнях комплекса Мурдаш Башы. В процессе раскадровки были созданы рисунки каждой из сцен будущего анимационного фильма. Рабочая команда приступила к следующему этапу- анимированию нарисованных сцен и сюжета.